УКМК: Нургазы Анаркуловду камоо чечими чыккан жок

© Sputnik / Нурис АлымбаевУКМКнын имараты. Архив
УКМКнын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.02.2021
Жазылуу
Кылмыш иши боюнча жүрүп жаткан тергөөнүн жыйынтыгы менен Анаркуловго карата юридикалык баа берилери айтылат.
БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Президенттин маалымат кызматынын мурдагы жетекчиси Нургазы Анаркуловду камоо боюнча баш коргоо чарасы тандалган жок. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Кылмыш иши боюнча сотко чейинки өндүрүш уланып жатканы, тергөөнүн жыйынтыгы менен Анаркуловго карата юридикалык баа берилери айтылат. Деген менен ага кандай чечим чыкканы такталган жок.
Мыйзамга ылайык, ар бир жаран соттун чечимисиз 48 сааттан ашык кармалбашы керек. Анаркулов 30-январда кармалган болчу.
Президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Нургазы Анаркулов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.01.2021
Мурда да акча талап кылууга шектелген. УКМК кармаган Нургазы Анаркулов тууралуу
Жогорку соттун маалымат кызматы азыркыга чейин Биринчи май райондук сотуна Анаркуловдун баш коргоо чарасын тандоо боюнча материал келип түшпөгөнүн кабарлады.
Анаркулов мамлекеттик кызматка талапкер болуп жаткан адамдан маселени оң жагына чечип берүүнү убадалап акча талап кылууга шектелип 30-январда кармалган.
Ал мамлекет башчынын маалымат кызматынын жетекчиси болуп өткөн жылдын 30-октябрында дайындалган. Бүгүн президент Садыр Жапаров аны өз арызынын негизинде кызматтан бошотту.
Жаңылыктар түрмөгү
0