Кувейт — Кыргызстан аба каттамдарын жандантуу мөөнөтү жылды

© Фото / Пресс-служба МИД КРСамолет авиакомпании "Jazeera Airways". Архивное фото
Самолет авиакомпании Jazeera Airways. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.02.2021
Жазылуу
Кувейттик Jazeera Airways авиакомпаниясынын өкүлү менен "Манас" эл аралык аэропортунун төрагасы Бактыбек Сыдыков жолуккан соң каттамдарды калыбына келтирүү мөөнөтү жылгандыгы белгилүү болгон.
БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Кувейт — Бишкек — Кувейт жана Кувейт — Ош — Кувейт жаңы аба каттамдарын ачуу мөөнөтү жылдырылды. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы билдирди.
Алгачкы рейси 2-февралга белгиленген Кувейт — Ош — Кувейт каттамы 9-февралга, ал эми Кувейт — Бишкек — Кувейт каттамы 5-февралдан 11-февралга калган.
Аталган өзгөрүүлөр кувейттик Jazeera Airways авиакомпаниясынын өкүлү Риза Аль Мусави менен "Манас" эл аралык аэропортунун төрагасы Бактыбек Сыдыков жолуккандан кийин белгилүү болду.
Города мира. Эль-Кувейт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.01.2021
Жумасына эки жолу. Кувейт — Бишкек — Кувейт аба каттамы ачылат
Эпидемиологиялык кырдаал жөнгө салынгандан кийин каттамдардын саны көбөйтүлүп, жумасына 7 жолу учуу белгиленген. Ошондой эле Кувейт — Бишкек — Сиань каттамы боюнча учууларды ачуу пландаштырылып жаткандыгы кошумчаланды.
Белгилей кетсек, былтыр март айында "Манас" эл аралык аэропорту коронавирус кооптуулугунан улам бир нече авиакаттамды токтоткон.
Жаңылыктар түрмөгү
0