Түркиялык фонд Бишкекте мектеп ачат

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүМектеп мулагими. Архив
Мектеп мулагими. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Макулдашуунун шарттары боюнча мектепте мугалимдердин басымдуу бөлүгү Кыргызстандын жарандары болмокчу.
БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Түркиянын "Маариф" фонду Кыргызстандагы алгачкы мектебин Бишкек шаарына ачат. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Билим берүү министринин милдетин аткаруучу Алмазбек Бейшеналиев Борбордук Азиядагы "Маариф" фондунун директору Хүснү Биржан менен жолугушкан.
"Түрк тараптын өкүлү жаңы окуу жылында фонддун алгачкы жалпы билим берүү мектебин ачуу үчүн бардык керектүү иштер жасалып жатканын билдирди. Мамлекеттик стандартка ылайык, окутуу кыргыз тилинде да жүргүзүлөт. Окуучулар үчүн да, мугалимдер үчүн да бардык шарттар түзүлөт. Макулдашуунун шарты боюнча мугалимдердин басымдуу бөлүгү Кыргызстандын жарандары болмокчу", — деп айтылат маалыматта.
Соңунда Бейшеналиев министрлик ар тараптан колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирген.
Жаңылыктар түрмөгү
0