Окубасаң токтойсуң, токтосоң эле карыйсың. Аймен Касенов менен маек

© Фото / пресс-служба РКФРКыргызстандын президенттигине мурунку талапкер Аймен Касенов. Архив
Кыргызстандын президенттигине мурунку талапкер Аймен Касенов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аймен Касенов бул жолку президенттик шайлоодо эң көрүнүктүү талапкерлердин бири боло алды. Биз анын учурда эмне менен алек болуп жатканын билип көрдүк.
Касеновдун кичи мекени Ысык-Көл, бирок Бишкек шаарында туулган. Экономикалык жана юридикалык билими бар. Учурда Чехиянын Прага шаарындагы окуу жайда билимин тереңдетип жатат.
Көбүнесе нефть жана күйүүчү май өндүрүү тармагында эмгектенип келген. 2007-жылдан тарта "Газпром Нефть — Тажикстан", "Газпром Нефть — Казакстан" компанияларында башкы директордун орун басары, башкы директорлук кызматтарды аркалаган. Кийин Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун башкаруучулугунун мүчөсү болгон.
Бүгүнкү маегинде ал өлкөнү өнүктүрүү боюнча пландары, сергек жашоо жана үй-бүлөсү тууралуу айтып берди.
— Аймен мырза, шайлоо бүттү. Азыр эмне иш кылып жатасыз?
— Аймактарда абдан кызыктуу демилгелерди көтөрүп, жер-жерлерди өнүктүрүүгө жан үрөп жүргөн жаштар көп. Ошолор менен жолугуп, стратегия, долбоорду түзүп, ишке ашырууга аракет кылып жүрөбүз.
© Фото / Айжамал ТагаеваАйбек Касенов көбүнесе нефть жана күйүүчү май өндүрүү тармагында эмгектенип келген. Экономикалык жана юридикалык билими бар
Бывший кандидат в президенты Кыргызстана Аймен Касенов - Sputnik Кыргызстан
Айбек Касенов көбүнесе нефть жана күйүүчү май өндүрүү тармагында эмгектенип келген. Экономикалык жана юридикалык билими бар
— Кайсы аймактан баштадыңыз?
— Каракол шаарынан. Туризм, билим берүү, инфраструктураны жакшыртуу сыяктуу бир топ долбоорлорубуз бар. Жөнөкөй эле мисал. Быйыл "Каракол" лыжа базасына барсак, мейманканаларда орун жок, эс алуучулар абдан көп. Ошол эле жерден АКШда IT тармагында иштеген кыргызстандык жигиттерди көрдүм. Алар океандын ары жагында отура бербей, аралыкта иштөө мүмкүнчүлүгү болгон соң Ысык-Көлдө жашап туралы деп келишиптир. Азыр Караколдо жашап, иштеп жүрүшүптүр.
— Караколдун түндүк тарабындагы тоолордо кыш узагыраак болот эмеспи. Ал жактарга дагы лыжа базаларын ачса болобу?
— Албетте болот. Ак-Булуң, Жыргалаң, Кереге-Таш, Ичке-Жергез айылдары тарап кышкы дагы, жайкы дагы туризмге өтө ыңгайлуу. Болгону жайыттар бар, эс алуу жайлары менен жайыт бири-бирине тоскоолдук кылбагыдай кылып иштетсек болот. Негизгиси, инвестиция тартышыбыз керек. Азыр издеп жатабыз.
— Өткөндө БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш ушул таптагы дүйнөнү бир эле "морт" деген сөз менен сүрөттөдү. Сиз азыр Кыргызстанды кайсы сөз менен сыпаттайт элеңиз?
— Башаламандык. Кайсы мыйзам менен жашап, кайсы жакка баратканыбызды өзүбүз деле түшүнбөй калдык.
© Фото / Айжамал Тагаева2021-жылдагы президенттик шайлоого талапкер болгон Аймен Касенов 47 жашта. Учурда Чехиянын Прага шаарындагы окуу жайда билимин тереңдетип жатат
Бывший кандидат в президенты Кыргызстана Аймен Касенов - Sputnik Кыргызстан
2021-жылдагы президенттик шайлоого талапкер болгон Аймен Касенов 47 жашта. Учурда Чехиянын Прага шаарындагы окуу жайда билимин тереңдетип жатат
— Эми кантип оңолсок болот? Өлкө башында тургусу келген адам катары өз көз карашыңыз болсо керек?
— Менимче, биз эл катары, улут катары өзүбүзгө эмне керектигин билбей жатабыз. Дүйнөдөгү ордубуз кайда, дүйнөгө эл катары биз эмне бере алабыз? Мына ушул суроолорго жооп тапкан соң өнүгүү башталат деп ойлойм. Биз алгач өзүбүздүн жолубузду таап алсак, кийин башкалар ошого карап мамиле кылат. Кыргыздарга бул жарайт, тиги жарабайт деп билип калышат. Буга чейин деле айтып жүрөм, ушул убакка чейин өзүбүзгө чактап, жарашыктуу чапан тиге албадык. Ар кайсы элдин чапанын кийин көрөбүз, биринин жеңи кыска болсо, экинчисинин этеги шалбырайт...
Өнүгүү боюнча ого эле татаал жолду тандап алыптырбыз. Бирок акыркы жылдары элдин аң-сезими ойгонуп келе жатат. Ушуга шүгүр дейли.
— Бизде төбөсү көрүнгөн саясатчылар, өлкө башындагылар эч качан башын бириктире албайт го...
— Бириктире турган идея жок болуп жатпайбы. Бирибиз либерал, экинчибиз демократ, үчүнчүбүз улутчул болуп калдык. Ар кандай көз караштар.
— Жаңы бийлик кызмат сунуштаса иштешесизби?
— Иштешип эле жатам. Мисалы, жогоруда айткандай, региондорду өнүктүрүү боюнча иштерди жасап жатам, бул оңой эмес. Эл менен жолугуу, алардын жүрөгүнө жетүү — мунун баары көп эмгекти талап кылат. Мен мындай жол менен бийликке жардам берип, жок дегенде бир жеринен сүйрөп бара жатам деп ойлойм. Бул үчүн атайын бир кызматка баруунун кереги жок.
© Фото / Айжамал Тагаева"Аймактарда абдан кызыктуу демилгелерди көтөрүп, жер-жерлерди өнүктүрүүгө жан үрөп жүргөн жаштар көп. Ошолор менен жолугуп, стратегия, долбоорду түзүп, ишке ашырууга аракет кылып жүрөбүз", - дейт Аймен Касенов.
Бывший кандидат в президенты Кыргызстана Аймен Касенов - Sputnik Кыргызстан
"Аймактарда абдан кызыктуу демилгелерди көтөрүп, жер-жерлерди өнүктүрүүгө жан үрөп жүргөн жаштар көп. Ошолор менен жолугуп, стратегия, долбоорду түзүп, ишке ашырууга аракет кылып жүрөбүз", - дейт Аймен Касенов.
— Балким иш тажрыйбаңызбы мамлекеттик бир кызматта колдонгулары келсечи?
— Тажрыйбаны элге жеткириш керек. 30 жылдан бери жогорку жакта отугандар канча стратегия жазды? Бирок көбү ишке ашкан жок. Анткени жеринде элге бир нерсени үйрөткөн киши жок. Кайсы бир көйгөйдү эл менен чогуу талкуулап, ошол жерде иштесең, элге сиңет. Процесске катышкан кишилер ушул нерсени мен жасадым деп ишенип алат. Анда түшүнүк пайда болот. Ал эми тээ жогору жактан стратегияны жазып берип, ушуну аткаргыла деген болбогон нерсе. Эл аткарбайт, анткени түшүнбөйт, жаңы нерсени кылуудан коркот.
— Позицияңыз түшүнүктүү. Эми жеке өзүңүз тууралуу кеп кылсак, үй-бүлөңүз жөнүндө айтып бербейсизби?
Рабочая поездка и.о. премьер-министра КР Артема Новикова в Ошскую область - Sputnik Кыргызстан
Атасы дүйнөнү кыдырган. Төрт премьерге кеңешчи болгон Новиков тууралуу 11 факты
— Келинчегим Айжамал экөөбүз юридикалык факультетте бирге окуганбыз. Өзүмдөн бир жаш кичүү. Бирге түтүн булаткандан бери үч кыз, бир уулга ата-эне болдук. Улуулары студент, бир кызыбыз мектепте окуйт. Кенжебиз үч жашта.
— Келинчегиңиз эмне иш кылат?
— Көп жылдар бою Тышкы иштер министрлигинде иштеп жүрдү. Бирок кийин карьерасын таштап, өзүн үй-бүлөгө арноого аргасыз болду. Мен дагы иштеп жүрсөм, балдарга бирөө баш-көз болушу керек экен. Бирок азыр фотого кызыгып, кээде сүрөт тартып калат.
— Бизде көпчүлүк эркектер 30дан өткөндөн кийин ичи чыгып, өзүн таштап коет эмеспи. Сиз жакшы формада экенсиз. Атайын спорт менен машыгасызбы?
— Мен аябай көп басам. Өзүм Чоң-Арыкта жашайм. Шаардын борборунан троллейбус менен үйгө барайын десем, мен иштен чыккан учурда жол тыгыны болуп, жөө бассам деле ошол троллейбус менен бир учурда жетип калам. Кечирээк болуп кетсе, биз жакка маршрутка каттабай калат. Ошентип көп учурда 9-10 чакырым басып коем.
Акыркы кезде мендей эле басып, чуркап жүргөндөрдү көп көрө баштадым. Мисалы, Түштүк магистралда атайын сейилдөө зоналары жасалды эле, азыр ал жакта ден соолугун чыңдап жүргөндөр абдан көп. Өзгөчө пандемиядан кийин өпкөсүнө кам көргөндөр арбыды. Эл кыймылдайт эле, болгону шарт түзүп бериш керек. Мисалы, биздин шаарда жолдорду оңдоп, автоунаа менен жүргөнгө бардык шарттарды түзүп жатабыз. Ошол сыяктуу эле басканга, велосипед менен жүргөнгө ыңгайлуу, коопсуз жолдор керек.
Негизи шаардыктар телефонду чукулап, сыра ичип эс алганды адат кылып алганбыз да. Бирок азыр айылдарда көпчүлүк жаштар көк бөрү ойноп калышты. Бул дагы сонун нерсе.
© Фото / Айжамал Тагаева"Менимче, биз эл катары, улут катары өзүбүзгө эмне керектигин билбей жатабыз. Дүйнөдөгү ордубуз кайда, дүйнөгө эл катары биз эмне бере алабыз? Мына ушул суроолорго жооп тапкан соң өнүгүү башталат деп ойлойм", - дейт Аймен Касенов.
Бывший кандидат в президенты Кыргызстана Аймен Касенов - Sputnik Кыргызстан
"Менимче, биз эл катары, улут катары өзүбүзгө эмне керектигин билбей жатабыз. Дүйнөдөгү ордубуз кайда, дүйнөгө эл катары биз эмне бере алабыз? Мына ушул суроолорго жооп тапкан соң өнүгүү башталат деп ойлойм", - дейт Аймен Касенов.
— Ошол смартфонго "жабышкан" балдарды кантип кыймылдатсак болот?
— Балага үлгү, идеалдуу образ керек. Спорт, маданият жаатында балдар аны карап түздөнө турган адамдар керек. Анын баскан-турганы, дене бою, сүйлөгөнү, кийингени, айтор, бардык жагынан жаштарга жол көрсөтүшү зарыл. Бактыга жараша, акыркы жылдары "Азия Микс" КВН тобу, футболчу жигиттер, балбан кыздар бир топ ийгиликтерге жетти. Булардын жеңиши сөзсүз балдарыбызга таасир этет. Ошолорго окшошкусу келгендер аракет кылып, алдына максат кое баштайт.
Бишкек шаарындагы Ленин райондук сотунун судьясы Таалайгүл Кадыркулова  - Sputnik Кыргызстан
Өспүрүмдү соттогондо энелик сезим селт эттирет. Судья Кадыркулованын маеги
Андан тышкары, баланы кичине кезинен кыймыл-аракетке көндүрүш керек. Менин досум кыргыздын улуттук оюндарын жаңылап ойнотууну сунуштап жатат. Ысык-Көлдө өзүбүздүн "Жетиген" деген лагерибиз бар. Ошол жакта балдарга чыгырык, чүкө, кыздарга беш таш, жамый оюндарын ойнотолу деп жатат. Аны Бишкекте деле ойнотсок болот. Мисалы, сейил бактарга энелер балдары менен сейилдеп чыгат, бирок көп деле ойной турган нерсе жок. Мисалы, ошол жерге чыгырыкты коюп койсок, балдар дөңгөлөктү түртүп жүрүп билинбей эле 5-6 чакырым чуркап коет. Үйүнө барганда телефон чукулоого алы келбей уктап калат. Муну ишке ашыруу үчүн арзыбаган акча керек.
— Азыр чет өлкөдө окуп жаткан экенсиз. Кайсы тармак боюнча билим алуудасыз?
— Чехиянын Прага шаарындагы Нью-Йорк университетинин бизнести башкаруу магистри багыты боюнча окуп жатам. Билим убактылуу нерсе, ал күн сайын өзгөрүп турат. Аны улам жаңылап, тереңдетип турбасаң артта каласың. Мисалы, кечээги нерселер бүгүн эски. Окубасаң токтоп каласың, токтоп калсаң карып кетесиң.
Жаңылыктар түрмөгү
0