Жаздын илеби келип... Бир жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Евгения Новоженина / Медиабанкка өтүүБактын бутагында отурган куш. Архив
Бактын бутагында отурган куш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Апта ичи абанын температурасы жогорулайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 5-10 метрге жетет.
БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайынын божомолу туурасында маалымат берди.
Ага ылайык, бүгүн өлкөнүн көпчүлүк аймактарында күн ачык болуп, 1-февралдан тарта айрым жерлерде жаан жаап, карга айланышы ыктымал. Жума ичи абанын температурасы жогорулайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 5-10 метрге жетет.

Чүй, Талас облустары

Чүй, Талас облустарында жекшембиде күн ачык болуп, шейшемби, шаршемби күндөрү айрым жерлерде жаан жаайт. Апта аяктап бара жатканда кайрадан күн ачылат.
Буюртмага муктажбыз! Сокулуктук майып усталардын өнөрү видеодо - Sputnik Кыргызстан
Буюртмага муктажбыз! Сокулуктук майып усталардын өнөрү видеодо
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары
Өлкөнүн түштүк аймактарында дагы 1-2-февралда жаан жаап, 3-февралдан тарта ачылып кетет. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Ысык-Көл, Нарын облустары

Бул аймактарда дагы дүйшөмбүдө күн ачык болуп, 1-2февралда жаан жаайт. 3-февралда күндүз жана 4-февралда жаан-чачын күтүлбөйт.
Бишкектин Эркиндик проспектинде кишилер - Sputnik Кыргызстан
Кыштын акыркы айында катуу суук болобу? Февралга карата аба ырайы
Бишкек
Борбор калаада аптанын алгачкы күнүндө жаан жаабайт. Бирок жолдор тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт.
2-февралда түнкүсүн жаан, кар жаашы божомолдонууда. 3-4-февралда жаан-чачын күтүлбөйт.
Жаңылыктар түрмөгү
0