Экономикалык кылмыш үчүн СИЗОго камабаш керек. Жапаровдун жарлыгы

© Sputnik / Тимур БатыршинРешеткадагы кишендер. Иллюстративдик сүрөт
Решеткадагы кишендер. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Садыр Жапаров президенттик кызматка киришери менен бир катар жарлыктарга кол койгон. Алардын арасында ишкерлик жана инвестицияга тиешелүүсү дагы бар.
БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров "Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө" жарлыкка кол койду.
Документте менчикти коргоонун конституциялык кепилдиктерин камсыз кылуу, экономиканын туруктуу өсүшүнө дем берүү, мамлекеттин ишкердик субъектилеринин экономикалык ишине негизсиз кийлигишүүсүн болтурбоо, ошондой эле инвесторлордун ишенимин жогорулатуу максат кылынганы айтылат.
Өкмөт менен Башкы прокуратурага төмөнкүдөй сунуштар берилди:
  • ишкердик иштин эркиндигинин жана менчик менен инвестицияларды коргоонун кепилдиктери жөнүндө мыйзамдардын кынтыксыз аткарылышына көзөмөлдү күчөтсүн;
  • чакан бизнестин жана жеке ишкердик субъектилердин ишине укук коргоо, фискалдык жана контролдоочу органдардын негизсиз кийлигишүүсүнүн, ишкердик ишке тоскоолдук кылуусунун жана менчик ээлеринин укуктарын бузуусунун маселелери боюнча алардын кайрылууларын күнү-түнү кабыл алуу үчүн ишеним телефонун бир айлык мөөнөттө түзсүн;
  • субъектилердин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын ишенимдүү коргоону камсыз кылуу, ишкердик субъектилеринин доо-арыздарын кароонун мөөнөтүн тездетүү боюнча сот органдарынын ролун жана ишинин натыйжалуулугун, анын ичинде маалыматтык-коммуникациялык технологияларды кеңири киргизүү жолу менен мындан ары көтөрүү боюнча мыйзам долбоорлорунун топтомун үч айлык мөөнөттө киргизүү;
  • экономикалык кылмыштарды жана жоруктарды декриминалдаштыруу боюнча мыйзам долбоорлорунун топтомун, ошондой эле экономикалык кылмыштар боюнча сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө камакка алуу түрүндө бөгөт коюу чарасын колдонууга тыюу салган КР мыйзам долбоорун үч айлык мөөнөттө иштеп чыгуу жана Жогорку Кеңешке киргизүү;
  • укук коргоо, фискалдык жана контролдоочу органдардын жана алардын кызматкерлеринин ишинин натыйжалуулугунун сандык индикаторлорун колдонууну жокко чыгаруу, ишкерлерди жана алардын жеке менчигин колдоого жана коргоого багытталган ишинин натыйжалуулугун баалоонун жаңы механизмин эки айлык мөөнөттө киргизүү;
  • 2021-жылдын аягына чейин ишкердик чөйрөнү жакшыртууга, анын ичинде ишкердик ишке мамлекеттин кийлигишүүсүн кыйла азайтууга багытталган "акылдуу жөнгө салуу" принцибин жана жөнгө салуучу "кум сааты" механизмин колдонуп жөнгө салуу реформасын жүргүзүү;
  • КР өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматтын потенциалын бекемдөө жана техникалык жабдылуусун күчөтүү, ошондой эле экономикалык кылмыштар боюнча соттук экспертизаны жүргүзүү мөөнөтүн кыскартуу;
  • 1-сентябрга чейинки мөөнөттө мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн олуттуу бөлүгүн автоматташтырылган форматка которуу, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бизнес-процесстерин оптималдаштыруу жана мындай кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарынын жана административдик регламенттеринин керексиз жол-жоболорун жана ишкерлерден документтерди талап кылууну алып салуу бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү;
  • лицензияларды жана уруксат берүүчү документтерди берүү боюнча Бирдиктүү электрондук портал түзүү жана 2021-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө лицензияларды жана уруксаттарды берүүнүн автоматташтырылган системасын камсыз кылуу. Бирдиктүү идентификациялоо системасы аркылуу аны Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталына интеграция кылуу;
  • 30-сентябрга чейинки мөөнөттө салык органдарынын салык төлөөчүлөрдү тейлөөнүн сервистик моделине өтүүсүн камсыз кылуу, негизги бизнес-процесстерди санариптештирүү жолу менен салыктык администрациялоонун жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана салык органдарынын кызматкерлеринин салык төлөөчүлөр менен байланышын толук жоюу;
  • товарларды бажылык тазалоонун ылдамдыгынын жана көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатынын индикаторлорун киргизүү, атаандашууга жөндөмдүү жана толук автоматташтырылган бажы инфраструктураны түзүү;
  • 30-сентябрга чейинки мөөнөттө электрондук бажы декларациялоону жана товарларды автоматтык түрдө чыгаруу системасын толук киргизүү;
  • айрым жана чек арага жанаша аймактарда ишкерлик жүргүзүү үчүн мамлекеттик колдоо чараларын жана жеңилдетилген фискалдык режимди камтыган жагымдуу шарттарды түзүү;
  • инвестиция маселелери боюнча тоскоолдуктарды жоюу жана КР мыйзамдарында белгиленген талаптарды жөнөкөйлөтүү;
Жаңылыктар түрмөгү
0