13:38 09 Бугу 2021
Түз эфир
  • USD84.7724
  • EUR102.4644
  • RUB1.1435
Коом
Кыскача шилтеме алуу
42510

Легендарлуу өзбекстандык кинорежиссер Али Хамраевдин көркөм жана даректүү тасмалары бүгүнкү мезгилде да актуалдуулугун жогото элек. Улуу талант менен колумнист Алмаз Батилов баарлашты.

Али Хамраев СССРде алгачкы болуп вестерн жанрында "Жетинчи ок" көркөм тасмасын тарткан. Ушул жана  "Өзгөчө комиссар" фильмдеринде башкы каармандын ролун аткарган Сүймөнкул Чокморов совет элинин сүймөнчүгүнө айланган эле.

Хамраев тасмасында 1917-1935-жылдары Советтик Түркстандагы жарандык согушту чагылдырып,  кагылыштын трагедиясын ачып бере алган. Биринчи жылы эле Советтер Союзунун кинотеатрларында "Жетинчи окту" 22,5 миллион адам көргөн.

— Чокморов менен кайдан кантип таанышып калдыңыз эле? "Өзгөчө комиссардагы" башкы каарман Низаметдин Ходжаевдин ролуна актерду көпкө издедиңизби?

— Чокморовго чейин "Ак илек-илек келди, жаз болду" аттуу көркөм тасмада Болот Бейшеналиев менен иштештим. Анын "Биринчи мугалимдеги" Дүйшөндүн ролун мыкты аткарганын көрүп, дароо жактыргам. Бирок бул фильм үчүн бийлик экөөбүздү куугунтукка алгандыктан көпкө чейин тасма тарта албай калдык.

Али Хамраев с Болотом Бейшеналиевым во время съемок художественного фильма Седьмая пуля. Исфара.1972 г.
© Фото / из личного архива Али Хамраева
Али Хамраев Болот Бейшеналиев менен “Жетинчи ок” көркөм тасмасы тартылып жаткан учурундагы бир ирмем. Исфара шаары.1972-жыл

Андан соң сценарист Одельша Агишевге Владимир Лениндин 100 жылдыгына карата Октябрь революциясы жөнүндө көркөм тасма тартууну сунуштадым. Буга чейин кокусунан алгачкы көрүнүктүү өзбек большевиги Низаметдин Ходжаев тууралуу тарыхый маалымат окуп калдым эле. Бир жагынан анын тагдыры абдан кызыктуу, экинчи жагынан аянычтуу болчу. Ал 1919-жылы басмачыларга каршы күрөшкөн жана Советтик Өзбекстанды түптөгөн мамлекеттик ишмерлердин бири. Тилекке каршы, кийин Ходжаев сталиндик репрессия учурунда каза болгон. Агишев дароо макул болду. "Өзбекфильмдин" жетекчилигинин макулдугу менен "Өзгөчө комиссар" тасмасынын сценарийин даярдадык да архивден маалымат издей баштадым. Анткени ошол учурдагы тарыхый процессти түшүнүү керек эле.

Али Хамраев и Суймонкул Чокморов во время встречи с японским актером Тосиро Мифунэ. Московский кинофестиваль
© Фото / из личного архива Али Хамраева
Али Хамраев, Сүймөнкул Чокморов жана япон актёруТосиро Мифунэ. Москва кинофестивалы

Ошол материалдардын негизинде "Өзгөчө комиссар", "Жетинчи ок", "Жан сакчы" сыяктуу көркөм тасмалар жаралды. Башкы ролго бир топ артисттерди карап көрдүк, бирөөсү да жаккан жок. Ошол учурда Москвага кинофестивалга барып Болот Шамшиев менен жолуктум, экөөбүз дос элек. Буга чейин анын "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" тасмасын көргөм. Ошондо башкы каармандын ролун аткарган Сүймөнкул Чокморов купулума толгон эле. Шамшиевден Чокморов тууралуу сурадым. Ал жаңы актер турбайбы дедим. Болот анын кесиби актер эмес, сүрөтчү экендигин жана буга карабастан таланттуу болгону үчүн аны тасмасына тарткандыгын айтты. Сүймөнкулду кайдан табам десем, коңшу столдо отурган Чокморовду көрсөттү. Ошентип Сүймөнкул менен таанышып, ага тартыла турган тасмамдын идеясын айтып, башкы каармандын ролун сунуштадым. Кызыгы, Чокморов дароо макул болгон жок. Адегенде сценарийди окуп көрөйүн деди. Окуп бүткөн соң макулдугун берди. "Өзбекфильмдин" көркөм кеңешинде кыргызды тандадың деген сөз болду. Жүйөлүү далилдерди келтирген соң айла жок моюн сунушту. "Өзгөчө комиссар" тасмасында Сүймөнкул менен Армен Джигарханян чогуу тартылды. Чокморов Ходжаевдин образын ушунчалык келиштирип ойноду, оюмду толугу менен ишке ашырды.

Али Хамраев с Суймонкулом Чокморовым на съемках художественного фильма Седьмая пуля. Исфара. 1972 г.
© Фото / из личного архива Али Хамраева
Али Хамраев Сүймөнкул Чокморов менен “Жетинчи ок” көркөм тасмасы тартылып жаткан учурда. Исфара шаары. 1972-жыл

— Басмачылар тууралуу тарыхый маалыматтарды изилдедиңиз да?

— Бул тасманын жанры вестерн же истерн деп аталат. 1966-жылы Москванын киностудиясында жакшы теңтушум Андрей Михалков-Кончаловскийге жолугуп калдым. Ал мага өзүнүн "Басмачылар" деп аталган сценарийи боюнча тасма тартууну сунуштады. Себеби Андрей эки сериялуу көркөм тасма тартайын десе "Мосфильмдин" жетекчилиги бир эле серия тарт деп макул болбой коюптур. Сценарийин окуп көрүп жактырдым. Михалков-Кончаловскийдин авторлошу атактуу советтик прозаик, драматург жана сценарист Фридрих Горенштейн менен таанышып, тил табышып кеттик. Ал бул максатты ишке ашыруу үчүн атайын Москвадагы кинофондунан далай америкалык вестерндерди көрүп чыгып, басмачылык тууралуу материалдарды издеп окуп, бул жанрды түшүнүш үчүн бир топ убактысын короткон. Мындан сырткары, Фридрих 1918-1930-жылдары советтик командирлер менен корбашылар кандай лексиканы колдонгонун, эки тарап кандай курал пайдаланганын да талыкпай изилдеген.

  • Али Хамраев кесиптеши жана досу Болот Шамшиев менен Бишкек, Ала –Арча көрүстөнү.2015-жыл
    Али Хамраев кесиптеши жана досу Болот Шамшиев менен Бишкек, Ала –Арча көрүстөнү.2015-жыл
    © Фото / из личного архива Али Хамраева
  • Али Хамраев Болот Бейшеналиевтин мүрзөсүнө зыярат кылып жаткан учур. Бишкек, Ала –Арча көрүстөнү. 2015-жыл
    Али Хамраев Болот Бейшеналиевтин мүрзөсүнө зыярат кылып жаткан учур. Бишкек, Ала –Арча көрүстөнү. 2015-жыл
    © Фото / из личного архива Али Хамраева
  • Али Хамраев жана кинодраматург Эльга Ладынина Сүймөнкул Чокморовтун мүрзөсүнө зыярат кылып жаткан учур. Бишкек, Ала –Арча көрүстөнү. 2015-жыл
    Али Хамраев жана кинодраматург Эльга Ладынина Сүймөнкул Чокморовтун мүрзөсүнө зыярат кылып жаткан учур. Бишкек, Ала –Арча көрүстөнү. 2015-жыл
    © Фото / из личного архива Али Хамраева
1 / 3
© Фото / из личного архива Али Хамраева
Али Хамраев кесиптеши жана досу Болот Шамшиев менен Бишкек, Ала –Арча көрүстөнү.2015-жыл

Белгилей кетчү жагдай, Орто Азияда басмачылык кыймыл Кыргызстандандын түштүгүндө башталып, биринчи корбашы Калкожо болгон. "Өзбекфильмдин" жетекчилиги бул тасмага абдан каршы болду. "Абдан көп тартылды, "Өзбекфильм" басмачфильм деген атка конду" дешти. Бирок менде баары бир тартылат деген ишеним күч болчу. Анан эле 1972-жылы май айында "Өзбекфильмдин" башчысы Абдуллаев мени чакырып калды. Көрсө, Москва алардын бир көркөм тасмасынын сценарийин жактырбай койгон экен. Эгерде ошол күнү аларга жаккан сценарий берилбесе, ал орун "Молдовафильмге" кетмек болот. Баягы сценарийимдин атын өзгөртүп, оңдоо-түзөө киргизиш керек деди. Ал кезде дүйнө жүзүндө америкалык режиссер Жон Стёрджес тарткан "Даңазалуу жетөө" вестерни дүңгүрөп жаткан учур эле. СССРде бул тасманын орусча которулган вариантын кинотеатрдан 67 миллион киши көргөн. Бул вестерн элдин жүрөгүнөн түнөк тапты. "Тартыла турган жаңы көркөм тасманын "Басмачы" деген аталышын өзгөртүп, "Жетинчи ок" деп атап коёлу" десем Абдуллаев дароо макул болду. Сценарийдин кээ бир окуяларын Михалков-Кончаловский, Горенштейн менен кеңешип оңдодум. Сценарий боюнча башкы каармандын теги орус эле, фамилиясы Максимов болчу, аны Максумов деп алмаштырдык. Башкы ролго Сүймөнкулду сунуштап, сценарийди атайын Чокморовго ыңгайлаштырып өзгөрттүк. Көркөм кеңеш дароо колдоп берди. Сүймөнкул "Өзгөчө комиссар" көркөм тасмасынан кийин элдин сүймөнчүгүнө айланды. Ушундан кийин экөөбүздүн достугубуз ого бетер күчөдү.

Али Хамраев с Суймонкулом Чокморовым и его сыном Бактыгулом на съемках художественного фильма Седьмая пуля. Исфара.1972 г.
© Фото / из личного архива Али Хамраева
Али Хамраев Сүймөнкул Чокморов жана уулу Бактыгул менен “Жетинчи ок” көркөм тасмасы тартылып жаткан учурундагы бир ирмем. Исфара шаары.1972-жыл

— Сүймөнкул ага ошол учурда ооруп калган дешет?

— Ооба, ошого байланыштуу аны бир аз күтүп калдык. Бирок тасма ошол эле жылы жайында Тажикстандын Исфара шаарында тартылган. Кино тартуучу топ мейманканада, Сүймөнкул экөөбүз жер тамда жашадык. Кечинде салкын түшкөндө короодогу жүзүмдүн астында тапчанда жатып алып түнү менен искусство, живопись жана кино жөнүндө сүйлөшөр элек. Абдан таланттуу жана көп кырдуу инсан болчу. Эртең менен туруп жанындагы дарыяга чейин жүгүрчүбүз. Сүймөнкул бардык жагынан төп келген чыныгы жигит болчу. Мага ат мингенди Чокморов үйрөттү. Тасма тартылчу жерге чейин бир нече чакырым ат чаптырып барчубуз. Айрым трюктарды өзү аткарган. Басмачылар аркан ыргытып арабадан түшүргөнүн дагестандык каскадёрлор аткарды. Жубайы Салима уулу Бактыгул экөө Исфарага келишкен. Бүгүнкүгө чейин Бактыгул менен кабарлашып турабыз.  Ошентип бир сериялуу көркөм тасманы бир айда тартып бүттүк. Кызыгы, фильмге Горенштейн да катышып, афган чек арачысынын ролун аткарган. 1972-жылы Советтер Союзунун калкына алгачкы ирет өзүбүз тарткан вестернди тартууладык.

Толомуш Океев на Ташкентском кинофестивале. 1968 г.
© Фото / из личного архива Али Хамраева
Төлөмүш Океев Ташкент кинофествалында. 1968-жыл

Кыргыз эли таланттуу уул-кыздарга бай. Муратбек Рыскулов, Советбек Жумадылов сахна менен кинодо кандай гана образдарды жаратышты. Кинорежиссёрлордон Төлөмүш Океев, Болот Шамшиев, Мелис Убукеев, Геннадий Базаров менен абдан ынак элем. Бири-бирибизден жардамыбызды аячу эмеспиз. Ар түрдүү кинофестиваль жана конференцияларда жолукканыбызда кубанычыбыз койнубузга батпай кучакташып көрүшүп, каткырыгыбыз таш жарчу. Муну көргөн башка кесиптештерибиз "мына, орто азиялыктар дагы чогулду" деп суктанчу. Уялаш ага-инилердей элек.

Тема боюнча

Енисейди бойлой Барсбектин мүрзөсүн издегенде... Юлий Худяков менен маек
Ушул нерсе жүрөгүмдү өйүйт... Болот Шамшиевдин акыркы маеги. Аудио
Чокморов режиссер Шамшиевди алдап кеткенде. "Караш-Караш окуясы" кантип тартылган
Белгилер:
Болот Шамшиев, фестиваль, сценарий, тасма, Али Хамраев, Сүймөнкул Чокморов

ЭҢ МААНИЛҮҮ