Дем алыш күндөрү Бишкекте жарманке өтөт. Азык-түлүк арзан сатылат

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүБазарда эт сатуучу. Архив
Базарда эт сатуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түштүк магистраль — Нуркамал Жетикашкаева көчөлөрүнүн кесилишиндеги аймакта (12 кичирайону) саат 10:00дө башталат.
БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Борбор калаада ишемби, жекшемби күндөрү кезектеги азык-түлүк жарманкеси өтөт.
Иш-чараны Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги Октябрь райондук акимиаты менен биргеликте уюштурууда. Түштүк магистраль — Нуркамал Жетикашкаева көчөлөрүнүн кесилишиндеги аймакта (12 кичирайону) саат 10:00дө башталат.
Жарманкедеги баалар:
  • Эт азыктары — 380-390 сом;
  • Жумуртка (10 даанасы) — 85-90 сом;
  • Үй тооктору — 180-200 сом;
  • Көлдүн айраны — 37-38 сом;
  • Өсүмдүк майы — 113-123 сом;
  • Картошка — 22-23 сом;
  • Пияз — 11-13 сом;
  • Сабиз — 20 сом.
Ошондой эле жашылчалар, суусундуктар жана башка азыктар коюлат.
Жарманкеге продукциясын алып келе турган компаниялар жана жарменке тууралуу кошумча маалымат алууну каалагандар төмөнкү номелерлер аркылуу байланыша алат: 0704 25 25 55, 0222 55 55 21, 0500 04 80 49
Жаңылыктар түрмөгү
0