Россиялык космонавт кышкы Ысык-Көлдүн космостон тартылган сүрөтүн жарыялады

© Photo / Roskosmos / Ivan VagnerЫсык-Көлдүн космостон көрүнүшү. Архив
Ысык-Көлдүн космостон көрүнүшү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын бермети кадимки эле фотоаппаратка тартылган. Космонавт буга чейин көлдүн видеосун жарыялап суктанган болчу.
БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Россиялык космонавт Олег Артемьев Эл аралык космостук станциядан тартылган Ысык-Көлдүн сүрөтүн жарыялады.
Кыргыз кереметинин сүрөтүн космонавт өзүнүн Instagram баракчасына жүктөгөн.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Oleg Artemyev (@olegmks)

"Кыргызстандагы эң чоң көл. Көл акпайт. Аянты боюнча эң чоң 30 көлдүн катарына кирет. Ошондой эле тереңдиги боюнча жетинчи орунда", — деп жазды ал.
Сүрөт космостук станциядан кадимки камера менен тартылган.
Космонавт Ысык-Көлгө биринчи ирет суктанып жаткан жок, ал буга чейин дагы көлдү иллюминатордон видеого тартып алып жарыялаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0