КРде зордук-зомбулукка кабылган аялдар көбүнчө кайда кайрылат. Статистика

© Sputnik / Жоомарт УраимовЖолукчан аял ыйлап жатат. Архив
Жолукчан аял ыйлап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда аялдарга карата кылмыштардын саны өсүүдө. Мисалы, 2019-жылы кыз-келиндер жабыр тарткан 4,4 миң кылмыш иши катталып, мурунку жылга салыштырмалуу 14 пайызга көбөйгөн.
БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандардын көпчүлүгү кризистик борборлорго кайрылышат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети жазды.
"Өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандардын көпчүлүгү кризистик борборлорго жана сейрек учурларда гана башка мекемелерге кайрылышат. Мисалы, 2019-жылы кризистик борборлорго 6 687 адам кайрылса, алардын 90 пайызы аялдар болгон", — деп айтылат билдирүүдө.
Кармалган киш кишенчен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ноокенде өспүрүм кызды опузалап акча талап кылган адам кармалды
Негизи Кыргызстанда аялдарга карата кылмыштардын саны өсүүдө. Мисалы, 2019-жылы кыз-келиндер жабыр тарткан 4,4 миң кылмыш иши катталып, мурунку жылга салыштырмалуу 14 пайызга көбөйгөн.
Айрыкча адам уурдоо (2,3 эсеге), зордуктоо (2,1 эсеге) жана адам сатууга (2 эсеге) байланыштуу кылмыштар күч алууда.
Кризистик борборлорго кайрылгандардын үчтөн бирин 18-34 жаштагы кыз-келиндер түзөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0