Январда көмүрдүн баасы кымбаттады. Кайсы аймакта канчадан сатылууда

© AP Photo / Sergei GritsАял көмүр менен толтурган челектер менен. Архив
Аял көмүр менен толтурган челектер менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир тонна көмүрдүн баасы өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу орто эсеп менен 74,25 сомго же 1,6 пайызга жогорулады.
БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Улуттук статистика комитети өлкөнүн 18 калк жашоочу аймактарында көмүр наркы канча болуп жатканын талдады.
Маалыматка караганда, учурда бир тонна көмүрдүн баасы өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу орто эсеп менен 74,25 сомго же 1,6 пайызга жогорулады.
Көмүр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте көмүрдүн радиациялык фону нормадан ашып кеттиби? Адистердин жообу
Анын ичинде бир айда кескин түрдө кымбаттаган аймактар дагы бар. Мисалы, Исфана шаарында кара алтындын бир тоннасы 8 000, Баткен калаасында 7 318, Ноокат районунда 7 846 сомдон сатылууда. Эң арзан көмүрдү Балыкчы (3 694 сом), Нарын (3 500) шаарларынын жана Чаек айылынын (2 500) тургундары ала алат.
Мурунку айга салыштырмалуу Исфанада 1 385 сомго, Кербенде 917 сомго жана Баткенде 330 сомго кымбаттаган. Ошону менен бирге Токтогулда 370 сомго, Жалал-Абад шаарында 138,71 сомго арзандаган.
Ал эми борбор калаада баа 38 сомго жогорулаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0