Баткенде ата-энеси миграцияда жүргөн балдардын саны такталууда

© Фото / полпредство ПКР в Баткенской областиБаткенде ата-энеси миграцияда жүргөн балдардын саны такталып жатканы
Баткенде ата-энеси миграцияда жүргөн балдардын саны такталып жатканы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жергиликтүү бийлик, эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринен комиссия түзүлгөн. Учурда алар үймө-үй кыдырып иштеп жатат.
БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Баткенде ата-энеси миграцияда жүргөн балдардын саны такталып жатканын облустун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы кабарлады.
© Фото / полпредство ПКР в Баткенской областиБаткенде ата-энеси миграцияда жүргөн балдардын саны такталып жатканын облустун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы кабарлады
Комиссия по учету детей мигрантов в Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Баткенде ата-энеси миграцияда жүргөн балдардын саны такталып жатканын облустун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы кабарлады
Ага ылайык, жергиликтүү бийлик, эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринен комиссия түзүлгөн. Учурда алар үймө-үй кыдырып иштеп жатат.
"Ата-эненин камкордугусуз, тагыраагы, ички жана тышкы миграцияда жүргөн жарандардын балдарын тактоо иштери жүрүп жатат. Мунун арасынан турмуштук оор кырдаалга же зордук-зомбулукка кабылган балдардын саны такталып, адистердин көзөмөлүнө алынат", — дешти өкүлчүлүктөн.
Мындай иш учурда облус боюнча жүрүп жатканын, анын жыйынтыгы менен мигранттардын балдарынын саны жана кимдер камкордукка алынары такталары кошумчаланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0