WhatsApp аркылуу жазышкандарды эми Telegram мессенджерине көчүрүүгө болот

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүTelegram мессенджери. Архив
Telegram мессенджери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда жаңы опция iOS колдонуучулары үчүн жеткиликтүү. Жакында Android платформасында да пайда болмокчу.
БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Telegram башка мессенджердеги, анын ичинде WhatsApp тиркемесиндеги жазышууларды өзүнө көчүрүүгө уруксат берди.
Hindustan Times басылмасынын жазышынча, мындай мүмкүнчүлүктү колдонуучулар iOS платформасында 7.4 жаңыланышынын аркасы менен ээ боло алды.
"Эми жазылган каттарды WhatsApp, Line же KakaoTalk тиркемелеринен Telegram мессенджерине көчүрүүгө болот", — деп жазылган макалада.
Учурда жаңы опция iOS колдонуучулары үчүн жеткиликтүү. Жакында Android платформасында да пайда болмокчу.
Жаңылыктар түрмөгү
0