БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Кыргызстанда бир сутка ичинде 128 киши коронавирус жуктуруп алса, 151 бейтап ооруну жеңди. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:
- Бишкек — 48;
- Ош — 0;
- Чүй облусу — 60;
- Ош облусу — 0;
- Талас облусу — 0;
- Нарын облусу — 6;
- Ысык-Көл облусу — 9;
- Жалал-Абад облусу — 5;
- Баткен облусу — 0.
Кыргызстанда расмий түрдө 84 303 кишиде оору аныкталды.
Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:
- Бишкек — 54;
- Ош шаары — 2;
- Чүй облусу — 49;
- Ош облусу — 14;
- Талас облусу — 0;
- Нарын облусу — 5;
- Ысык-Көл облусу — 19;
- Жалал-Абад облусу — 7:
- Баткен облусу — 1.
Пандемиядан бери ооруну 80 481 киши жеңди.
Тилекке каршы, акыркы суткада COVID-19дан Бишкекте үч киши каза тапты. Бул жугуштуу оору 1 408 кыргызстандыктын өмүрүн алды.
Учурда стационарда 618 бейтап дарыланууда. Төрт адамдын абалы канааттандырарлык, 387си орточо, 206сы оор, 21и өтө оор абалда. Амбулатордук дарыланууда 863 бейтап бар.