5-октябрда жабыркагандар Жээнбековду жоопко тартууну талап кылууда

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын экс-президенти Сооронбай Жээнбеков. Архив
Кыргызстандын экс-президенти Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жабырлануучулар 5-октябрда митингчилерге карата курал колдонуу боюнча буйрукту Жээнбеков жеке өзү берген деп эсептешет.
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Өткөн жылдын 5-октябрында нааразычылык акцияда жапа чеккендер экс-президент Сооронбай Жээнбековду жоопкерчиликке тартууну талап кылышууда. Бул тууралуу Кыргызстандын адвокаттар ассоциациясынан айтышты.
Ассоциациянын сайтында "Кыргыз үмүтү" Октябрь элдик революциясынын баатырларынын коомдук бирикмесин" түзгөн жапа чеккендердин арызы жарыяланган.
Арыздын үстүңкү жагында аны кабыл алган Башкы прокуратуранын кызматкеринин кол тамгасы, ал эми астында кайрылган тараптардын кол тамгалары бар. Документ башкы прокурор Курманкул Зулушевдин ысмына жазылган. Адвокаттар ассоциациясы жапа чеккендерге юридикалык колдоо көрсөтөт.
Ак үйдүн алдына келген бир нече аял экс-президент Сооронбай Жээнбековду жоопко тартуу талабын коюп митинг өткөрүп жатышат - Sputnik Кыргызстан
Жээнбековдун инаугурацияга чакырылышына каршы болгондор митингге чыгышты
Арыз ээлери 5-октябрда Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтындагы митинг тынчтык иш-чарасы болгонун, күч органдары берилген буйруктан кийин карапайым элге карата катуу чараларды көрө баштаганын белгилешет. Көп адамдын жапа чеккени, анын катарында 19 жаштагы Үмүт Алтынбек уулу каза болгону айтылат.
Жабырлануучулар курал колдонуу боюнча буйрукту Жээнбеков жеке өзү берген деп эсептешет. Алар мурдагы президентти жоопкерчиликке тартууну белгилешип, аны "экс" макамынан ажыратууну талап кылышууда.
Башкы прокуратуранын маалымат кызматы арыз келгенин тастыктады.
Эске салсак, Жогорку Кеңешке өткөн шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып 5-октябрда өткөн митинг Ак үйдү басып алуу жана бийликти алмаштыруу менен аяктаган. Сооронбай Жээнбеков октябрь айынын ортосунда кызматын тапшырып, мөөнөтүнөн мурда шайлоо жарыяланган. Шайлоодо 5-октябрдагы окуяда абактан бошотулган Садыр Жапаров жеңип чыккан.
Башкы прокуратурага буга чейин Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Абдилат Капаров экс-президент Сооронбай Жээнбеков жана анын бир тууганы депутат Асылбек Жээнбековго каршы арыз менен кайрылган. Ал Жээнбековдорду 2010-жылы бир нече кылмыштарды жасаган деп айыптап, алардын аракетине юридикалык баа берүүнү өтүнгөн. Анын катарында митингге чыккан элди кубалап таратуу буйругунан кийин октябрь окуясына жол бергендиги үчүн экс-президенттин жоопкерчилиги жөнүндө маселени кароо өтүнүчү да болгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0