Сурабалдиева: өкмөт быйыл амбициялуу социалдык пландарды ишке ашырат

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевВице-премьердин милдетин аткаруучу Эльвира Сурабалдиева
Вице-премьердин милдетин аткаруучу Эльвира Сурабалдиева  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Былтыр пандемияга байланыштуу көптөгөн эл аралык турнирлер жылдырылып жана аймактардагы иш-чаралар токтотулганы белгиленди.
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Вице-премьердин милдетин аткаруучу Эльвира Сурабалдиева Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин коллегиялык кеңешмесине катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Сурабалдиева COVID-19 пандемиясы спорт тармагына да жагымсыз кесепеттерин тийгизгенин белгилеп, көптөгөн эл аралык турнирлер 2021-жылга жылдырылып жана аймактардагы миңдеген иш-чаралар, спорттук мектептердин иши токтотулганын айтты.
"Пандемияга карабастан, биздин спортчулар күрөш боюнча Дүйнөлүк кубоктон мыкты натыйжа көрсөтө алды. Калк арасында спорт менен машыгууну жайылтуу агенттиктин артыкчылыктуу багыттарынын бири болуусу тийиш. Бул маселе өзгөчө пандемия мезгилинде абдан маанилүү. Быйыл кыргыз өкмөтү өз алдына бир катар маанилүү милдеттерди койду. Тактап айтканда, 2021-жыл мамлекеттик органдар тарабынан социалдык багыттагы амбициялуу пландарды жана милдеттерди ишке ашыруу жылы болот", — деди Сурабалдиева.
Ошондой эле ал Токио (Япония) шаарында өтүүчү олимпиадалык жана параолимпиадалык оюндарга жана IV Көчмөндөр оюндарына спортчулардын даярдыгына көңүл буруу, допингге каршы туруу иштерин улантуу керектигин белгилеген.
Коллегиялык кеңешменин жыйынтыгы менен волонтёрдук ишти колдоого багытталган тийиштүү ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгуу, жаштар иши боюнча кеңештин ишин жандандыруу боюнча бир катар тапшырмалар берилди.
Жаңылыктар түрмөгү
0