Сиздерге таазим! Мамытов Ленинградды курчоодон бошотуу күнүнө карата кайрылуу жасады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезиденттин милдетин аткарып жаткан Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов. Архив
Президенттин милдетин аткарып жаткан Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамытов 27-январда белгилене турчу маанилүү дата — Ленинградды фашисттердин курчоосунан толук бошоткон күнгө карата жасаган кайрылуусунда советтик аскерлердин эрдигин өзгөчө белгилеген.
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Президенттин милдетин аткарып жаткан Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Ленинград шаарынын фашисттик курчоодон толук бошотулган күнүнө карата элге кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда, президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Кайрылууда советтик аскерлер тарабынан Ленинград шаарынын фашисттик курчоодон толук бошотулган күнү белгиленип жатканы айтылды.
"Ленинградды курчоого алуу — Улуу Ата Мекендик согуштун эң кайгылуу окуяларынын бири. Ленинград — дүйнөлүк тарыхта 900 күндүк курчоого туруштук берген жападан жалгыз шаар, ошол күндөрү миллиондогон балдар, аялдар, улгайган адамдар жана аскерлер каза болгон", — деп жазылат Мамытовдун кайрылуусунда.
Ленинградды курчоодон бошотуудагы салгылашууларда башка боордош элдер менен бирдикте 4,5 миңден ашуун мекендештерибиз баатырларча курман болушкан.
Ленинград курчоосунун алынгандыгынын 78 жылдыгы Бишкекте белгиленди - Sputnik Кыргызстан
Бишкек: Ленинград курчоосунун алынгандыгынын 78 жылдыгы белгиленди. Сүрөт
"Курчоодо калып, аны баатырдык менен жеңип чыккан Ленинграддын каарман коргоочулары көрсөткөн эрдик өлбөс-өчпөс болуп калды. Алардын эрдиги биздин жүрөгүбүздө бекем сакталат. Урматтуу ардагерлер, сиздерге терең таазим! Курман болгон баатырлар түбөлүк эсибизде", — деген президенттин милдетин аткаруучу.
Улуу Ата Мекендик согуш учурунда курчоого алынган Ленинграддан Кыргызстанга 16 миңге жакын адам эвакуацияланган. Алардын 3,5 миңи балдар болгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0