Окумуштуулар коронавирустун өлүм тобокелдигин азайта алган затты атады

© Фото / Pixabay / stevepbОмега-3 капсулалары. Архив
Омега-3 капсулалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШ окумуштуулары COVID-19 жуктурган 100 бейтаптын канындагы Омега-3 май кислотасын изилдеген. Оорулуулар индекске жараша төрт топко бөлүнгөн.
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Америкалык окумуштуулар организминде Омега-3 май кислотасынын индекси жогору адамдарда коронавирустун кесепетинен каза табуу коркунучу кыйла төмөн экенин аныкташты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Адистер COVID-19 жуктурган 100 бейтаптын канындагы Омега-3 май кислотасын изилдеген. Алардын ичинен 14ү көз жумганы айтылат.
Медициналык маскачан кош бойлуу аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Пандемия учурунда балалуу болобуз дегендерге адистин кеңеши
Оорулуулар индекске жараша төрт топко бөлүнгөн. Натыйжада 14 өлүмдүн 13ү организминде Омега-3 май кислотасы азыраактарга туура келген.
Окумуштуулар бул пилоттук изилдөө экенин белгиледи.
Омега-3 май кислотасы — деңиз азыктарында, анын ичинде балыктын ар кайсы түрлөрүндө, икрада көп болот. Чиа уругунда, грек жаңгагында, брюссель капустасында жана башка азыктарда да болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0