Элчи Удовиченко россиялык ишкердин чуулуу бизнеси боюнча окуяга көңүл бурду

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевРоссиянын элчиси Николай Удовиченко. Архив
Россиянын элчиси Николай Удовиченко. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башкы прокуратура Кыргызстандын калкына мөөнөтү өткөн азык-түлүктөрдү чет өлкөдөн алып келүү жана сатууда коррупциялык схема аныкталганын билдирген.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Россиянын Кыргызстандагы элчилиги РФ жаранынын соода тармагындагы резонанстуу кылмыш ишине көңүл бурду. Бул тууралуу элчи Николай Удовиченко Instagram аккаунту аркылуу билдирген.
"Окуянын чоо-жайын аныктап жатабыз. Мыйзам чегинде россиялык бизнес өкүлдөрүнүн укугун коргогонго аракет кылабыз", — деген дипломат.
Буга чейин Башкы прокуратура Кыргызстандын калкына мөөнөтү өткөн азык-түлүктөрдү чет өлкөдөн алып келүү жана сатууда коррупциялык схема аныкталганын билдирген.
Аткаминердин мыйзамсыз байыган мүлкү - Sputnik Кыргызстан
Хан сарай, бодо мал... Министрликтин өкүлү мыйзамсыз байыган деп кармалды
Анда Бишкектин эки коммерциялык компаниясынын жетекчилери жана кызматкерлери мамлекеттик органдын кызмат адамдары менен жең ичинен сүйлөшүп алганы аныкталган. Натыйжада укук коргоо жана фискалдык кызматтардын калкалоосу менен Кыргызстанга мөөнөтү өткөн азык-түлүктөрдү алып келишкени айтылган. Ал эми Бишкектеги полиграфиялык борборлордун биринен жарактуу мөөнөтүнүн этикеткасын жасалмалап, соода түйүндөрүнө сатышканы белгиленген.
Бул иш боюнча Жазык кодексинин 319-беренеси ("Коррупция") менен компаниялардын эки жооптуу кызматкери кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
В Бишкеке выявили еще один склад с просроченными сладостями — Финпол. Видео - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте мөөнөтү өткөн конфет-печенье сакталган дагы бир кампа табылды. Видео
Кылмыштын башка фигуранттары жана аларды калкалаган мамлекеттик, фискалдык, укук коргоо органдарынын кызматкерлери такталып жатканы айтылган.
Россиялык ишкер, дүкөн тармактарынын жетекчиси жаңы шайланган президент Садыр Жапаровго, Россиянын элчиси Николай Удовиченкого, башкы прокурор Курманкул Зулушевге жана УКМК башчысы Камчыбек Ташиевге ачык кат менен кайрылып, айыптоолорду четке каккан.
Жаңылыктар түрмөгү
0