Эркек кишини интимдик видео менен шантаж кылган аял кармалды. Бишкектеги окуя

Жазылуу
Арыз ээсинин айтымында, белгисиз аял андан 30 миң сом өлчөмүндө акча талап кылып, бербесең интимдик мүнөздөгү видеолорду туугандарыңа жиберем деп коркуткан.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Бишкек шаарынын тургунун интимдик видео менен шантаж кылып акча талап кылган аял кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.
Айыпталуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкектик кыздарды интимдик сүрөттөр менен шантаж кылган кишинин иши сотко өттү
Ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары 36 жаштагы аял 15 миң сом өлчөмүндө акча алып жаткан учурда кармалган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 203-беренеси ("Пара талап кылуу") менен тергөө амалдары башталган.
Жаңылыктар түрмөгү
0