Финполдун кызматкерлери борбор калаадан Бишкек — Москва багыты боюнча 67 800 сомго авиабилет сатып алышкан.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Финансы полициясы авиабилеттердин баасын негизсиз кымбаттаткан фактыларды аныктоо иштерин жүргүзүп баштады. Бул туурасында аталган органдын маалымат кызматы билдирди.
Текшерүүнүн алкагында Финполдун кызматкерлери борбор калаадагы авиакассалардын биринен кызматтык иликтөө жасаш үчүн Бишкек — Москва багыты боюнча 67 800 сомго авиабилет сатып алышкан. Жыйынтыгында билет баасы туроператор тарабынан жасалма жол менен көтөрүлгөндүгү аныкталган. Алар суроо-талаптын жогору болушунан пайдаланып, авиабилеттердин баасын мыйзамсыз түрдө кымбаттатканы айтылат.
Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш ачылды. Азыркы тапта республика боюнча ушул сыяктуу фактыларды аныктоо иштери жүрүп жатканы белгиленет.
Бүгүн Садыр Жапаровдун Казакстандагы мамлекеттик сапарынын экинчи күнү. Президент казакстандык бизнесмендер менен жолугуп, алардын суроолоруна жооп берди.
Текебаев мандатын кайтарып алгандан кийин активист Темирлан Ормуков БШКнын токтомуна каршы сотко кайрылган. Бишкек шаардык административдик соту жана шаардык сот саясатчыга мандатын кайтарып берген токтомду жараксыз деп тапкан.