Коркуу, тынчсыздануу коронавируска кабылуунун себептеринин бири экени айтылды

© REUTERS / ERIC GAILLARDМедициналык кызматкерлер. Архив
Медициналык кызматкерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Психотерапевт адамдын эмоционалдуу жана психикалык абалы анын ден соолугуна таасир этерин белгилейт.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Коронавирустан чочулап дүрбөлөңгө түшүү ден соолукка олуттуу көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн. Мындай пикирди психотерапевт Игорь Салынцев билдиргенин РИА Новости жазды. 
Адис адамдын эмоционалдуу жана психикалык абалы анын ден соолугуна таасир этерин белгилейт.
"Ашыкча тынчсыздануу сыяктуу мүнөздөрдөн арылууга аракеттер көрүлбөсө, дарылабаса, ал адамдын психикасына тескери таасир этип, организмдеги зат алмашуу процессин жана анын күчүн азайтат. Мунун кесепетинен иммунитет төмөндөп, ар кандай илдеттерге организм туруштук бере албай калат. Тынчсыздана берген адамдын вирустук патологияга кабылуу ыктымалдуулугу көбүрөөк болот", — деген Салынцев.
Дарыгердин айтымында, коронавируска каршы эмдөө эки көйгөйдү чечет: ал организмди COVID-19 инфекциясынан коргойт жана тынчсызданууну азайтат.
Уктап жаткан кыз. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Түнкүсүн көп ойгонуу кооптуу ооруларга байланыштуу экени айтылды
Психотерапевт, мындан сырткары, коронавируска байланыштуу имиштерге көңүл бурбоого, маалыматты ишенимдүү булактардан алууга аракет жасоого кеңеш берди.
"Адам маалыматты канчалык көп билсе тынчсызданбайт жана коркпойт. Адамдар айрым бир нерселерди билбегени же ал боюнча түшүнүгү аз болгону же имиштерге ишенип алганы үчүн коркот", — деди Салынцев.
Дарыгерлер негизи эле адамдын көңүлү тынч болгондо, кооптонбой жашаганда ар кыл илдеттерге аз кабыларын айтып келишет.
Жаңылыктар түрмөгү
0