Сүйүктүүсүнө Аалы Токомбаев менен Ташым Байжиев ашык болгон. Карасаев тууралуу маек

© Sputnik / Асель СыдыковаФилология илимдеринин доктору, профессор Сыртбай Мусаев жана Кусейин Карасаев изилдөөчү Алихан Ибраимов
Филология илимдеринин доктору, профессор Сыртбай Мусаев жана Кусейин Карасаев изилдөөчү Алихан Ибраимов  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл белгилүү окумуштуу, кыргыз совет тилчиси, улуттук туңгуч лексикограф жана лексиколог, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз УИАсынын ардактуу академиги Кусейин Карасаевдин 120 жылдыгы өткөрүлүүдө.
Ушуга байланыштуу Sputnik агенттиги КРдин УИАнын мүчө-корреспонденти, филология илимдеринин доктору, профессор, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын жетекчиси Сыртбай Мусаев жана Эл аралык медициналык университетинин Коомдук саламаттык жана саламаттык сактоо кафедрасынын башчысы, Кусейин Карасаев изилдөөчү Алихан Ибраимов менен маектешти.
— Кусейин Карасаев кандай адам эле?
© Sputnik / Асель Сыдыкова"Кыргыз илимине аралашкан жолумда үч адамды улуу деп эсептейм. Алардын бири Кусейин Карасаев, - дейт КРдин УИАнын мүчө-корреспонденти, филология илимдеринин доктору, профессор, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын жетекчиси Сыртбай Мусаев.
Доктор филологических наук, профессор Сыртбай Мусаев - Sputnik Кыргызстан
"Кыргыз илимине аралашкан жолумда үч адамды улуу деп эсептейм. Алардын бири Кусейин Карасаев, - дейт КРдин УИАнын мүчө-корреспонденти, филология илимдеринин доктору, профессор, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын жетекчиси Сыртбай Мусаев.
Сыртбай Мусаев: — Кыргыз илимине аралашкан жолумда үч адамды улуу деп эсептейм. Алар кыргыз элинин илимдүү, билимдүү болуп сабатынын ачылышына кам көргөн Ишенаалы Арабаев, Касым Тыныстанов жана Кусейин Карасаев. Тагдырыма ыраазымын, ушул үч адам жөнүндө изилдөө жүргүзүп, кийин үчөөнүн ысымын алып жүргөн университеттерде эмгектендим. Касым Тыныстанов атындагы ЫМУда иштеп калдым. Кийин Бишкек гуманитардык университетине ректор болуп келип, Кусейин Карасаевдин ысымын ыйгарганбыз. Ал кезде жубайы Айша Карасаеванын көзү тирүү болчу. Ал кишинин "атаң дагы, мен дагы эки дүйнө ыраазыбыз" деп айткан сөзү азыр да эсимде. Ал эми учурда Ишенаалы Арабаев атындагы университетте да эмгектендим.  Бул үчөөнүн кыргыз элине жүргүзгөн агартуучулук иши эбегейсиз. Ошондуктан бул жактарда иштегеним мен үчүн чоң бакыт деп билем.
Ал эми Кусейин Карасаев менен ата-баладай болуп жүрүп, ал кишинин үйүндө көп жолу конокто болдум. Сөздүн гүлүн терип, макалдатып сүйлөгөн чечен киши болчу. Башкалардан да ушуну талап кылар эле. Карасаев менен баарлашып отурганда жан дүйнөңдө сергүү, тазаруу пайда болор эле. Мулуң-мулуң этип, каткырып күлүп койчу. Азыркы "Океан" деген жерде турчу. Конокко барганда жубайы Айша апа дароо дасторконун жая салчу.
— Балалыгы кайда, кайсы учурда, кандай өткөн экен?
© Sputnik / Асель Сыдыкова"Кусейин Карасаев атабыз өзү жөнүндө "Кусейин наама" деп китеп жазып калтырып кеткен. Анда өмүр баяны, башынан өткөн окуяларды сүрөттөгөн, - дейт Эл аралык медициналык университетинин Коомдук саламаттык жана саламаттык сактоо кафедрасынын башчысы, Кусейин Карасаев изилдөөчү Алихан Ибраимов.
Исследователь жизни Кусейна Карасаева Алихан Ибраимов - Sputnik Кыргызстан
"Кусейин Карасаев атабыз өзү жөнүндө "Кусейин наама" деп китеп жазып калтырып кеткен. Анда өмүр баяны, башынан өткөн окуяларды сүрөттөгөн, - дейт Эл аралык медициналык университетинин Коомдук саламаттык жана саламаттык сактоо кафедрасынын башчысы, Кусейин Карасаев изилдөөчү Алихан Ибраимов.
Алихан Ибраимов: — Тилекке каршы, ал кишини көрүү мүмкүнчүлүгү менде болгон жок, бирок анын китептери, замандаштары жана кызы Алтынай Карасаева менен кесиптеш болуп калганыма байланыштуу жакындан билип калдым. Кусейин атабыз өзү жөнүндө "Кусейин наама" деп китеп жазып калтырып кеткен. Анда өмүр баяны, башынан өткөн окуяларды сүрөттөгөн. Ошондо баяндалгандай, балалыгы Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Токтоян айылында өткөн. Алгач айылдык молдодон билим алып, ошондон улам фарс, араб тилдерин жакшы билип, сөздүктөрү пайда болуп жатат да.
Акын, котормочу жана радиожурналист, КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмер Тенти Орокчиев - Sputnik Кыргызстан
Радио
Орокчиев: көзү өтүп кеткендердин маегин угуп "бул тирүү экен" дегендер болгон
— Туулган жылы боюнча тактай кетеличи. Ар кандай булактарда 1901-жылдан 1905-жылга чейинки убакытты көрсөтүшүүдө. Аныгы кайсы жылы төрөлгөн?
С.М.: — Ысык-Көл университетинин түзүлгөнүнүн 60 жылдыгында "Акыркы могикандардын маеги" деп Касым Тыныстанов менен Кусейин Карасаевдин баарлашуусун сахналаштырдык. Ошондо туулган жылын тактоого туура келди. Байбичеси Айша апа 1901-жылы 5-январда туулганын айтты.
А.И.: — Кусейин атанын китебинде, Айша апанын да эскерүү китебинде дал ушул дата көрсөтүлгөн. Жогоруда айтылып кеткендей, ар кандай даталар жазылып калгандыктан кызы Алтынай Карасаевадан дагы тактап сурагам. Ал кишинин айтымында, ошол убакытта туулгандыгы тууралуу күбөлүктөргө туулгандыгы жазылчу эмес экен. Ошондуктан Кусейин ата өзү 1901-жыл 5-январь деп жаздырып алган экен.
© Sputnik / Асель СыдыковаФилология илимдеринин доктору, профессор Сыртбай Мусаев жана Кусейин Карасаев изилдөөчү Алихан Ибраимов
Профессор Сыртбай Мусаев и исследователь жизни Кусейна Карасаева Алихан Ибраимов - Sputnik Кыргызстан
Филология илимдеринин доктору, профессор Сыртбай Мусаев жана Кусейин Карасаев изилдөөчү Алихан Ибраимов
— Адамды балалыкка утурлай эле сүйүү коштойт эмеспи. Жогоруда Айша Карасаева тууралуу дагы көп сөз кылдык. Бул киши дагы белгилүү окумуштуу болгон экен...
С.М.: — Сүйүү баянына келсек ар кандай кептер айтылат. Анан эми азыр айта берсек болот. Анткени сүйүү деген ушундай да. Айша Карасаева кыргыздын мыкты кыздарынын бири эле. Алгачкы "Чүмбөттүү араба" деген тасмага тартылган актриса. Экөөнүн курагындагы айырмачылык 10 жаш болчу. Аны белгилүү жазуучубуз Аалы Токомбаев дагы жакшы көргөн экен. Экөө Айша апаны талашып, нике кайып буюруп Кусейин Карасаевге турмушка чыгып калган. Экөө үч кыздуу болушкан. Жубайын абдан сыйлап, урматтаган. Негизи үч кызды тарбиялап өстүргөн ата дагы, эне дагы абдан бактылуу жандар. Мына менин да үч кызым бар. Анан "бардык жагынан сизден үлгү алып жатам" деп Кусейин ата менен тамашалашып калчумун.
А. И.: — Ошол Айша апага ашык болгондордун катарында Ташым Байжиев дагы болгон экен.
— Ал киши дагы айтылуу окумуштуу болгон да. Боюнда бар кезинде стенограмаларды жазган делет. Чынбы?
С.М.: — Ооба, бул чын. Айша Карасаеванын "Кыргыз стенограммасы" деген китеби бар. Ал стенограмачыларды окутуп да жүрдү. Батма Кебекова деген окумуштуу бар эле. Ошол киши Айша апа окуткан деп стенограмма менен жазчу. Азыр болсо бул нерселер окулбай, каралбай калды.
© Sputnik / Асель СыдыковаБелгилүү окумуштуу, кыргыз совет тилчиси, улуттук туңгуч лексикограф жана лексиколог Кусейин Карасаев жөнүндө китептер
Книги о Кусейине Карасаеве - Sputnik Кыргызстан
Белгилүү окумуштуу, кыргыз совет тилчиси, улуттук туңгуч лексикограф жана лексиколог Кусейин Карасаев жөнүндө китептер
— Кусейин Карсаевдин мүнөзүнө таандык сапаттардан атап өтсөңүз?
С.М.: — Бул киши өтө сак болуп, сөзүнөн, кебинен жаңылчу эмес. Буга, жеке баамымда, анын турмуштан көп запкы тартып калганы себеп болуш керек. Мисалы, 1933-жылы партиядан чыгарылып, үч ай камалып, акталып чыккан. Кийин 1948-жылдары "Манас" эпосуна байланыштуу партиядан чыгарылып, үйдө отуруп калган. 1936-жылы сөздүк түзсүн деп Москвага чакырылган. Үй-бүлөсү менен барып, ал жакта эмгектенип жүргөндө Касыкем (Касым Тыныстанов — ред. ) 1937-жылы камалып, анын жакыны, санаалашы катары сөздүк түзүүдөн чыгарылган. Сөзүнө сак болуп калганы ушундан улам болсо керек.
Книга про кыргызского ученого и государственного деятеля Касыма Тыныстанова - Sputnik Кыргызстан
Алгачкы кыргыз профессору. Касым Тыныстанов тууралуу 8 факты
— Касым Тыныстанов экөө кандайча кездешип калышкан экен?
С.М.: —  Карасаев өзү бардар үй-бүлөнүн баласы болгон. Анын атасы мал-жандуу киши экен. Үркүндө Кытайга чейин барып келген. Ал жакка  Тыныстанов дагы барган. Бирок экөө бири-бири тууралуу айткандары, кезикендери тууралуу көп маалымат жок. Экөө тең орус-тузем мектебинде окуп, орус тилин жакшы билип калышкан. Андан сырткары, Ленинградга чейин барып окуган. 1923-жылдары Тыныстанов Ташкентте окуп жүргөн кезинде ооруп калып, Караколго келген. Ошол жаткан Сыдык Карачевдин үйүндө кездешсе керек деп ойлойм. Анан аларга Касыкем сунуштап, Токо Абдырахманов, Жапар Шүкүров, Баялы Исакеев, Базаркул Данияров, булардын баары ошол жактан билим алышкан да.
А. И.: — Ооба бул дал ушундай агай, бул тууралуу өзү жөнүндө эскерүүлөрүндө кеңири жазылган. Экөөнү Ташым Байжиев тааныштырып, Касым Тыныстанов Кусейин Карасаевге Ташкентке барып окууну сунуштаган экен.
© Sputnik / Асель СыдыковаФилология илимдеринин доктору, профессор Сыртбай Мусаев жана Кусейин Карасаев изилдөөчү Алихан Ибраимов
Профессор Сыртбай Мусаев и исследователь жизни Кусейна Карасаева Алихан Ибраимов - Sputnik Кыргызстан
Филология илимдеринин доктору, профессор Сыртбай Мусаев жана Кусейин Карасаев изилдөөчү Алихан Ибраимов
— Чогуу жүрүп калган экенсиз. Кусейин Карасаев менен болгон кызыктуу окуялардан айтып бербейсизби?
С.М.: — Жогоруда буларга карата куугунтуктар болгонун учкай айтып өттүм. Ал учурда эми заман ошондой болгон да. 1985-жылы Ишенаалы Арабаевдин, Касым Тыныстановдун атын айтууга мүмкүн эмес болчу. Ошондо тилдик материалдын негизинде доклад жасап, эң биринчилерден болуп ушулардын ысымын айтып чыккам. Ошол докладдан кийин ата мени чакырып, чай ичип болгон соң "академияда сөз сүйлөптүрсүң го" деди. Болгонун болгондой айтып бердим. Анан Кусейин ата: "Балам, сен эми жашсың, сак бол. Алардын аты далай кишини көмөлөтө чапкан", - деди. Бир дагы ат, фамилияны айткан жок. Сөзгө сак деп жатканым ошондон улам.
Чыгып жатканда машинкага басылган 800-900 беттен турган китебинин төртүнчү көчүрмөсүн берди. Ал кезде башка нускасы көп болсун деп атайын кагаз (аны эл жөнөкөйлөштүрүп кара кагаз деп атап алганбыз) коюлуп печать терилчү. Анан улам кийинки көчүрмөсү начар көрүнүп, төртүнчүсү араң эле окулуп калыптыр. Берип жатып: "Биринчиси өзүмдө, экинчисин Салижан Жигитовго бердим. Төртүнчүсүн көзүң курч деп сага берип жатам", - деди. Окуп 10 күндөн кийин келип: "Майда-чүйдө нерселерди жаза берипсиз. Үч доорду жашадыңыз, Кыргыз мамлекетинин түзүлүшүн, интеллигенциянын ортосундагы оош-кыйыштарды, көрө албастыктарды көрдүңүз. Эмнеге ошолорду жазган жоксуз? Эмнеге Аалы менен Түгөлбайдын чатагын жазган жоксуз" , - дедим. Ошондо: "Муну кара, акыл үйрөтүп жатканын. Аны силер жазгыла. Сен даярданып жүрөсүң, сен жазасың", - деп колун силкип койду. Болбогон нерселерди жаза берипсиз деген сөзгө ачууланса керек. Бул мен үчүн абдан чоң сабак болгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0