Кыргызстан Россиядан 500 миң доза "Спутник V" вакцинасын сурады

© Sputnik / Павел Львов / Медиабанкка өтүүМассовая вакцинация от COVID-19 в России
Массовая вакцинация от COVID-19 в России - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрдин айтымында, 500 миң доза вакцина 250 миң кишиге жетет. Тиешелүү кат өлкө президентинин милдетин аткаруучу Талант Мамытовдун атынан РФ башчысына жиберилген.
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Кыргызстан Россиядан коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасынан 500 миң доза сурады. Бул тууралуу Sputnik агенттигине саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Анын айтымында, тиешелүү кат өлкө президентинин милдетин аткаруучу Талант Мамытовдун атынан РФ башчысы Владимир Путинге жиберилген.
"Азырынча Россиядан жооп келе элек. Россиянын саламаттыкты сактоо министри маселени жогорку деңгээлде чечүү үчүн кат жөнөтүүнү өтүнгөн. Өзүм Москвага иш сапары менен барганда да муну чечип берүүнү сурангам", — деди Бейшеналиев.
Министр 500 миң доза вакцина 250 миң кишиге жетерин кошумчалады.
Кечээ ЖККУнун Кыргызстандагы "Кант" базасына COVID-19 вакцинасынын биринчи партиясы жеткирилген болчу.
Жаңылыктар түрмөгү
0