Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө үч этап менен жүрөт

© Sputnik / Георгий Зимарев / Медиабанкка өтүүВакцина сайып жаткан дарыгер. Архив
Вакцина сайып жаткан дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эмдөөнүн биринчи жана үчүнчү этабына 226 757 870 сом керек экендиги, мында вакцинаны 371 953 адам ала турганы айтылды.
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөөнү үч этап менен жүргүзүү пландалууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, бул боюнча атайын план түзүлүп, эсептөөлөр жүргүзүлүүдө.
Министрликтен билдиришкендей, биринчи этапта медиктер эмделсе, экинчи этапта COVAX программасынын алкагында тобокелчилик тобуна киргендер жана калктын аяр катмары эмделет. Аталган программа вакцинанын белгилүү бир дозасын акысыз берери айтылды.
Үчүнчү этаптагы эмдөө мамлекеттин жана донорлордун эсебинен жүрөт.
"Эмдөөнүн биринчи жана үчүнчү этабына 226 757 870 сом керек. Мында 371 953 адам вакцина алат. Алар: медик, мугалим, социалдык кызматкерлер", — деп айтылат билдирүүдө.
Спутник-V вакцинасы - Sputnik Кыргызстан
Өлкөгө РФ аскерлери үчүн COVID вакцинасынын биринчи партиясы келди
Министрлик COVAX программасы экинчи этапка социалдык-демографиялык тобокелдик тобундагы 1 миллион 200 миң адамды эмдөө үчүн 9 түрдүү вакцинаны сунуш кылып жатканын кошумчалады.
"Кыргызстан алардын ичинен натыйжа бере турганын тандап алышы керек. Саламаттык сактоо министрлиги изилдеп, тандалып алынган вакцинанын толук партиясын алууга даярдыктарды көрүүдө", — деп жазылат маалыматта.
Буга чейин вице-премьер Эльвира Сурабалдиева Кыргызстандын калкын коронавируска каршы эмдөө июнга чейин болбой турганын айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0