Башкы прокуратура Абдил Сегизбаевге кылмыш ишин козгоду

© Фото / пресс-служба ЦИК КРУКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев. Архив
УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сегизбаев Аламүдүн райондук администрациясынын жана Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары менен Баш мыйзамдын жана жер мыйзамдарынын талаптарын бузуп, мамлекеттин өзгөчө коргоосундагы жайыт жерлеринин бүтүндүгүнө кол салышкан деп шектелүүдө.
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин үстүнөн кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка караганда, Сегизбаев Аламүдүн райондук администрациясынын жана Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары менен Баш мыйзамдын жана жер мыйзамдарынын талаптарын одоно бузуп, мамлекеттин өзгөчө коргоосундагы жайыт жерлеринин бүтүндүгүнө кол салышкан деп шектелүүдө.
"Жерлерди мыйзамсыз ээлеп алуу максатында коррупциялык схема аркылуу Кой-Таш айылында жайгашкан 2,2 гектар жайыт жерин башка категорияга которуу жолу менен 49 жылдык мөөнөткө акысыз алып, капиталдык курулуштарды жүргүзүп, андан кийин кылмыштуу кыймыл-аракеттерин жашыруу максатында жакын туугандарынын атына өткөрүп койгон", — деп айтылат прокуратуранын билдирүүсүндө.
Ошону менен бирге комитеттин мурдагы төрагасынын жакын туугандарынын дагы бул ишке аралашканы айтылат.
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын төрагасы Сыймык Жапыкеев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аспеков Жапыкеевге 50 миң доллар берүүгө камынганбы? Финпол жооп берди
"Сегизбаев жакын туургандары, Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери менен биргеликте жер тилкелеринин башка өлкөлөргө чыгып кеткен жана каза болгон алгачкы ээлеринин атынан ишеним каттарды жасалмалашкан. Бул кылмышын жашыруу максатында Аламүдүн райондук соту аркылуу мыйзамсыз чечимдерди чыгартып алышып, жогоруда белгиленген жарандарга үлүш катары берилген жалпы аянты 18,46 гектер айыл чарба багытындагы 92 жер тилкесин жеке менчигине өткөрүп алышкан", — деп айтылат билдирүүдө.
Мындан тышкары, Башкы прокуратура Сегизбаев жана анын жакын туугандары тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн айыл чарба багытындагы жерлерге жер салыктары төлөнбөгөндүгүн, жайыт жерлерге уруксат кагазы жок капиталдык курулуштар жүргүзүлгөндүгүн жана электр энергиясы алып барылганын маалымдады.
Чогултулган материалдар КР Жазык кодексинин 319-беренесине ("Коррупция") ылайык Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Жаңылыктар түрмөгү
0