22:22 14 Чын Куран 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR101.4802
  • RUB1.1205
Коом
Кыскача шилтеме алуу
0 0

Ош шаардык мэриясы жана тийиштүү органдар жер тилкесин бөлүп берип, документтерин даярдап беришсе, тургундар бир айдын ичинде унаа токтотуучу жайды курушкан.

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Ош шаарында алгачкы муниципалдык унаа токтотуучу жай курулду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

  • Ош шаарында алгачкы муниципалдык унаа токтотуучу жай курулду
    Ош шаарында алгачкы муниципалдык унаа токтотуучу жай курулду
    © Фото / пресс-служба мэрии г. Ош
  • Бул унаа токтотуучу жай 29 машинага ылайыкташтырылып, Манас-Ата кичи районундагы Салиева көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн жанында курулган
    Бул унаа токтотуучу жай 29 машинага ылайыкташтырылып, Манас-Ата кичи районундагы Салиева көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн жанында курулган
    © Фото / пресс-служба мэрии г. Ош
  • Ош шаардык мэриясы жана тийиштүү органдар жер тилкесин бөлүп берип, долбоордук-сметалык документтерин даярдап беришкен
    Ош шаардык мэриясы жана тийиштүү органдар жер тилкесин бөлүп берип, долбоордук-сметалык документтерин даярдап беришкен
    © Фото / пресс-служба мэрии г. Ош
1 / 3
© Фото / пресс-служба мэрии г. Ош
Ош шаарында алгачкы муниципалдык унаа токтотуучу жай курулду

Бул унаа токтотуучу жай 29 машинага ылайыкташтырылып, Манас-Ата кичи районундагы Салиева көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн жанында курулган.

Ош шаардык мэриясы жана тийиштүү органдар жер тилкесин бөлүп берип, долбоордук-сметалык документтерин даярдап беришкен. Унаа токтотуучу жайды үйдүн жашоочулары бир айдын ичинде курушкан.

Мэрия белгилегендей, буга чейин унаа токтотуучу жайдын ордунда темир гараждар турчу. Аларды тургундар эски эмерек, отун жана башка нерселердин кампасы катары колдонуп келишкен.

Мэрия калаанын башка кичи райондорунда да муниципалдык унаа токтотуучу жайларды уюштурууга боло турганын көрсөтүү үчүн семинар өткөрүү пландалып жатканын айтты.

Тема боюнча

Мэрия: шаардын түштүгүнө парк, Көк-Жар конушуна мектеп курулат
Белгилер:
курулуш, унаа токтотуучу жай, Ош шаарынын мэриясы

ЭҢ МААНИЛҮҮ