Эртең Бишкектин бир катар аймагында жарык өчөт. График

Жазылуу
Энергетиктер жума күнү айрым трансформатордук көмөк чордондорго автоматты орнотуу, электр линияларына тоскоолдук кылган бак-дарактардын бутагын кесүү менен алектенишет.
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Бишкекте 23 көчөдө электр жарыгы өчүрүлүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынын сайтында айтылат.
Бул күнү адистер айрым трансформатордук көмөк чордондорго автоматты орнотуу, электр линияларына тоскоолдук кылган ба-дарактардын бутагын кесүү, профилактикалык жана башка жумуштарды жүргүзүшөт.
Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:
  • 08:30дан 12:00гө чейин — Фатьянов көчөсү;
  • 09:00дөн 13:00гө чейин №88 орто мектеби;
  • 09:00дөн 16:00гө чейин Нарв көчөсүндө (№62Б, 62Г, 62Д турак үйлөрү);
  • 09:00дөн 17:00гө чейин Малдыбаев көчөсүндө (№2 турак үйү);
  • 09:30дан 14:00гө чейин Аламүдүн-1 кичи районунда (№16-21, 29, 29а, 30 турак үйлөрү);
  • 09:30дан 17:00гө чейин Медеров, Бектенов, Скрябин көчөлөрүндө, Днепропетровск, Бий кууш көчөлөрүндө жана Ялта, Пархоменко, Жалил жана Садовая көчөлөрүндө;
  • 09:30дан 18:00гө чейин Ак-Ордо конушунда (Гагарин көчөсү жана Бар-Булак);
  • 10:00дөн 17:00гө чейин Табачная, Ибраимов жана Күрөңкеев көчөлөрүндө;
  • 10:30дан 12:00гө чейин Чехов жана Кулатов көчөлөрүндө;
  • 13:00дөн 15:00гө чейин Ош жана Ашхабад көчөлөрүндө;
  • 13:00дөн 16:30га чейин 4-кичи районунда (8, 30а, 43, 44, 46-49, 46/1 турак үйлөрү);
  • 13:00дөн 17:00гө чейин Тыныстанов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилиштеринде.
Жаңылыктар түрмөгү
0