Эксперт "Спутник V" вакцинасынын дагы бир артыкчылыгын атады

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүМуздаткычтан "Спутник V" вакцинасын чыгарып жаткан лаборатория кызматкери. Архив
Муздаткычтан Спутник V вакцинасын чыгарып жаткан лаборатория кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Былтыр Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги дүйнөдөгү алгачкы вакцина катары Гамалея атындагы илимий борбордо жасалган "Спутник V" препаратын каттоого алган.
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Россияда коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасы бир векторлуу дары-дармектерге караганда жакшы натыйжаларды берип жатат. Бул тууралуу эл аралык илимий-эксперттик кеңештин адиси Карлос Сала айтканын РИА Новости жазды.
"Биз аденовирустун ар кандай векторлорун колдонуу стратегиясына дайыма кызыгып келгенбиз. Башка вакциналарга салыштырмалуу натыйжасы жакшы болору аныкталган", — деген эксперт.
Спутник-V вакцинасы - Sputnik Кыргызстан
Өлкөгө РФ аскерлери үчүн COVID вакцинасынын биринчи партиясы келди
Адис муну инновациялык жетишкендик деп атаган.
2020-жылдын август айында Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги дүйнөдөгү алгачкы вакцина катары Гамалея атындагы илимий борбордо жасалган "Спутник V" препаратын каттоого алган. "Спутник V" вакцинасы аденовирустук векторлорго негизделип жасалган. Учурда анын географиясы кеңейүүдө.
Жаңылыктар түрмөгү
0