Кыргызстанда ислам принциптери менен ипотека берүү пландалууда

© Sputnik / Табылды КадырбековТыйындардан тизилген жарым ай. Архив
Тыйындардан тизилген жарым ай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ислам принцибинде инвестицияны ичимдик, чылым чыгаруу жана колдонуу, порнография, адал эмес этти кайра иштетүү тармактарына пайдаланууга болбойт.
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Кыргызстанда ислам принциптери менен ипотека берүү пландалууда. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрайымы Элмира Абжапарова билдирди.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде ал 2019-жылдан бери исламдын баалуу кагаздарын (сукук) киргизүү программасы боюнча иштер жүрүп жатканын айткан.
"Программа бекитилгенден кийин ислам принциптери менен каржылоо иштерин баштайбыз. Биз тараптан ички мыйзам базасы даярдалган. Ислам ипотекасын коомчулук сурап жаткандыктан, киргизели деп жатабыз. Азырынча болгон ресурс менен программаны ишке ашырсакпы деген план бар. Бирок Ислам өнүктүрүү банкына 100 миллионго долбоор даярдалган. Жакын арада ал мамлекеттик органдардын кароосуна жөнөтүлүп, андан кийин донорлорго жиберебиз", — деди.
Ал бул сумма доллар же сом түрүндө экенин так айткан жок.
Абжапарова программанын бекитилишин күтүп жатышканы менен ислам ипотекасы кандай иштей турганын да ачыктаган эмес.

Ислам принциптеринин өзгөчөлүгү

Вручение первых ключей от квартир жильцам нового дома в Новосибирске - Sputnik Кыргызстан
Үй-жайы бар кыргызстандыктар деле 20 жылга жеңилдетилген ипотека ала алышат

Мында пайыз деген түшүнүк жок. Бул насыяга да, депозитке да тиешелүү. Банк каражатты жана башка активдерди ишканага жумшап, түшкөн кирешенин бир бөлүгүн алат. Финансы мекемеси түшкөн каражатты гана эмес, чыгашаларды да бөлүштүрөт. Мындай жол менен ислам банктары инвестициялык уюмдар сыяктуу иштешет.

Ислам принцибинде инвестицияны ичимдик, чылым чыгаруу жана колдонуу, порнография, адал эмес этти кайра иштетүү тармактарына жумшоого тыюу салынган.
Жаңылыктар түрмөгү
0