Министрлик коронавируска каршы вакцинаны кимдер биринчи ала турганын айтты

© REUTERS / SIPHIWE SIBEKOДарыгер шприцти даярдаа жатат. Архив
Дарыгер шприцти даярдаа жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азыркы тапта эмдөөнү этап-этабы менен жүргүзүү маселеси каралып, вакцина жана аны сактаган муздаткыч алуу үчүн эсептөөлөр жүрүп жатканы маалым болду.
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Коронавируска каршы вакцинаны биринчи кезекте саламаттык сактоо тутумунда иштеген медицина кызматкерлери, тобокелдик тобуна киргендер жана калкты тейлөө кызматтарында иштегендер алат. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифингде билдирди.
Анын айтымында, азыркы тапта эмдөөнү этап-этабы менен жүргүзүү маселеси каралууда.
"Коронавируска каршы эмдөө боюнча ар ким ар кандай пикир айтып, айрымдары кооптонуп жатышат. Бирок вакцина өлүм учурларын азайта турганын белгилеп кетишибиз керек. Кыргызстан COVAX альянсына кошулган. Бул механизмдин алкагында алдын ала жүргүзүлгөн эсептөөлөргө ылайык, коронавируска каршы эмдөөгө алына турган болжол менен 1 миллион 200 адам бар экени аныкталды. Бул өлкөнүн жалпы калкынын 20 пайызын түзөт. Алардын ичинен вакцинаны биринчи кезекте саламаттык сактоо тутумунда иштеген медицина кызматкерлери, тобокелдик тобуна киргендер жана калкты тейлөө кызматтарында иштегендер алат", — деди Акматова.
Ал вакцина жана аны сактаган муздаткыч алуу үчүн Кыргызстанда учурда эсептөөлөр жүрүп жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0