20:11 13 Чын Куран 2021
Түз эфир
  • USD84.7913
  • EUR100.8804
  • RUB1.0976
Коом
Кыскача шилтеме алуу
0 0

Кыргыз өкмөтү бюджеттик кызматкерлерге коюмдарды 6-8 пайызга чейин түшүрүп берүү боюнча токтом чыгарган эле.

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Мамлекеттик ипотека алган айрым жарандарга банктык коюмдар төмөндөтүлөт. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрайымы Элмира Абжапарова билдирди.

Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өтүп жаткан брифингге катышты.

Жетекчи акыркы учурларда коюмдар эки ирет төмөндөтүлгөнүн билдирди. Ошондой эле өкмөт бюджеттик кызматкерлерге ставкаларды 6-8 пайызга чейин түшүрүп берүү боюнча токтом чыгарган.

"Биз бюджеттик кызматкерлер үчүн коюмдарды 6-8 пайызга түшүрүү аракетин көрүп жатабыз. Коюмдарды 4 пайызга чейин түшүрүп берүү өтүнүчтөрү дагы бар. Бирок бул мүмкүн эмес. Жакынкы келечекте ага жетип калышыбыз мүмкүн, бирок азыр эмес", — деди ал.

Эске салсак, токтомго ылайык, быйылкы жылдын 1-январынан тарта мурда 7-9 пайыз менен берилген кредиттер 6-8 пайызга түшүрүлүшү керек. Бул маселеде алгачкы төлөмдөрдүн көлөмү роль ойношу мүмкүн.

Тема боюнча

МИК: эми ипотека алуу үчүн документтерди жарым саатта тапшырса болот
Белгилер:
пайыз, Мамлекеттик ипотекалык компания, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ