Бишкектин борборунда милиция кызматкерлери адаттагыдан көп. Себеби

© Sputnik / Нурис АлымбаевГарнизонный развод-инструктаж столичной милиции на площади Ала-Тоо
Гарнизонный развод-инструктаж столичной милиции на площади Ала-Тоо - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттигинин окурмандары эмне себептен борбордук аянтта жана көчөлөрдө милиция кызматкерлери чогулуп калганын сурашкан.
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Бишкектин кайгуул милициясынын маалымат кызматы ордо калаанын чок ортосунда эмне себептен таң эрте милиция кызматкерлери көп экенин түшүндүрдү.
Буга чейин окурмандар "Ала-Тоо" аянтындагы автоунаалар тазаланып, кайгуул милициялары борбордук көчөлөрдө, анын ичинде Чүй проспектисинде көп турганы боюнча суроо узатышкан.
Президент Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан
Садыр Жапаров КР президенти болуп шайланды. БШКнын токтому
Кайгуул милициясынын маалымат кызматы билдиргендей, мекеме жакында боло турган президенттин инаугурациясына даярдык көрүп жатат жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылууда.
Маалым болгондой, бул иш-чарада "Ала-Тоо" аянтын тосуу пландалган жок.
20-январь күнү БШК президенттик шайлоонун жыйынтыгын айтып, анда Садыр Жапаров жеңгенин кабарлаган. Жапаров шайлоочулар добушунун 79,2 пайызын алган.
Кийинчерээк президенттин инаугурациясы 28-январь күнү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда өтө турганы айтылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0