КРдеги супермаркеттер мөөнөтү өтүп кеткен товарларды эмне кылат? Расмий жооп

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүГипермаркеттеги аял. Архив
Гипермаркеттеги аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адис арзандатуу же башка акциялар мөөнөтү өтүп кеткен товарлардан кутулуунун ыкмасы эмес экенин белгилеген.
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Кыргызстандагы супермаркеттер түйүнүнүн маркетинг боюнча жетекчиси Никита Рыжих ири дүкөндөр мөөнөтү өтүп кеткен товарларды эмне кыла турганын Sputnik Кыргызстан агенттигинде маек берип жатып айтып берди.
Рыжих белгилегендей, мөөнөтү өтүп кеткен азык-түлүктөр дүкөндөрдүн текчелеринде турбашы керек.
© Sputnik / Асель СыдыковаКыргызстандагы супермаркеттер түйүнүнүн маркетинг боюнча жетекчиси Никита Рыжих
Директор по маркетингу сети супермаркетов Никита Рыжих - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы супермаркеттер түйүнүнүн маркетинг боюнча жетекчиси Никита Рыжих
"Супермаркеттерде күн сайын кыдырып, товарлардын мөөнөтүн текшерген кураторлор иштейт. Эгер персонал мөөнөтү өтүп кеткен товарларды убагында тапшыруучуга өткөрүп бербесе, анда алар сый акыдан кол жуушат. Бул процесс алдын ала жүргүзүлөт. Товар бир же эки жума мурда эле кайтарылат. Тапшыруучу тарап менен түзүлгөн келишимде кайтарып берүү пайызы да жазылат. Мисалы, кайсы бир товардан 100 даана алсак, анын 10 пайызын гана кайтарып беребиз. Эгер 15 пайызын кайтара турган болсок, 5 пайызынын акысын төлөшүбүз керек", — деди Рыжих.
Ал арзандатуу же башка акциялар мөөнөтү өтүп кеткен товарлардан кутулуунун ыкмасы эмес экенин белгилеп, бул маркетинг стратегиясы экенин кошумчалаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0