Юристтерге Японияда билимин тереңдетүү үчүн программа жарыяланды

Жазылуу
Программага катышууну каалагандар сөзсүз түрдө англис тилин билиши керек. Документтер 12-февралга чейин кабыл алынат.
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Кыргызстандагы Япония элчилигинин MIRAI-2021 сынагына катышуучулар кабыл алынат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин сайтына жарыяланды.
Программа 20 жаштан 30 жашка чейинки жаш, иштеп жаткан юристтерге (юрист, жактоочу, мамлекеттик кызматкер же укуктук тармактагы документтер менен иштеген бизнесмендер) сунушталат. Ошондой эле сынакка юридикалык адистикке кызыкдар болгон студенттер жана аспиранттар, мамлекеттик жана бизнес тармагындагы юриспруденцияга кызыккандар катыша алат.
Документтерди 2021-жылдын 12-февралына (саат 16:00) чейин Мамлекеттик кадр кызматына тапшыруу керек. Катышуучуларды япон тарап тандап алат.
"Сынактан өткөн жарандар Японияда 8-июндан 16-июнга чейин болушат. Бирок бул болжолдуу дата, ал өзгөрүп кетиши дагы ыктымал", — деп айтылат маалыматта.
Программа боюнча толук маалыматты Япониянын Кыргызстандагы элчилигинин сайтынан окууга болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0