Новиков Бажы кызматына Кытайга байланыштуу жаңы тапшырмаларды берди

© Фото / Пресс-служба правительства / Алишер АлиевИ. о. премьер-министра, первый вице-премьер-министра Артем Новиков
И. о. премьер-министра, первый вице-премьер-министра Артем Новиков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Артём Новиков бажы инфраструктурасын өнүктүрүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Анда тиешелүү жетекчилерге Кытайдан товар алып кирүүнүн көлөмүн көбөйтүү боюнча жаңы талаптар коюлду.
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Мамлекеттик бажы кызматына "Эркеч-Там" пунктунда өткөн унаалардын санын 30га, "Торугарт" пунктунда 15ке жеткирүү үчүн инфраструктураны даярдоону жыйынтыктоо боюнча Кытай тарап менен консультацияларды тездетүү тапшырылды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
Бүгүн премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков бажы инфраструктурасын өнүктүрүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү.
"Биз бажы инфраструктурасын куруу жана жабдуу иштеринин кармалып жатышына кайдыгер карай албайбыз. Анткени тез арада товар ташуу көлөмүн жогорулатышыбыз керек. Бир жарым ай мурда, жүк ташуулардын көлөмүнүн төмөндөө себептерин караганыбызда, инфраструктураны өркүндөтүү, дезинфекциялык барьерлерди, товарларды крандар менен жүктөө аянтчаларын куруу, товарларды толук кандуу эсепке алуу механизмдерин иштеп чыгуу тапшырмасы берилген эле", — деди Новиков.
Анын мындай талабына Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Кадыржан Семетеев бажы инфраструктурасын өнүктүрүү планы даярдалганын, жыйынтыктоочу баскычта турганын айтып жооп берди.
Мындан тышкары, Бажы кызматын 2021-2023-жылдарга өнүктүрүү боюнча планды даярдоо тапшырылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0