Иш таштаган маршрутка айдоочулары. Үч компанияга эскертүү берилди

© Sputnik / Эркин СадыковСитуация в Бишкеке после забастовки маршрутников
Ситуация в Бишкеке после забастовки маршрутников - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мыйзам бузган үч ишканага азырынча эскертүү берилген. Эгер ушундай учур дагы кайталана турган болсо, алар айып пул төлөп же лицензиясынан ажырап калышы ыктымал.
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. 18-19-январь күндөрү үч компаниянын маршрутка айдоочулары ишке чыкпай коюшкан. Бул тууралуу Жолдор жана транспорт министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, министрликтин алдындагы Автотранспорт агенттигинин Бишкек шаардык башкармалыгы 18-19-январь күндөрү жумушка чыкпай койгон маршруткаларды текшерүүдө.
"Анын жүрүшүндө "Восточный экспресс", "Дордой-Транс", "Узар-Вест" компаниялары аныкталып, эскертүү берилди. Башка шаардык маршруттар боюнча да текшерүү уланып, айдоочулук курамга түшүндүрүү иштери жүрүүдө", — деп жазылат маалыматта.
Ситуация с общественным транспортом в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бишкек милициясы иш таштаган маршрутка айдоочуларына кайрылды
Башкармалык эгер ушундай эле учурлар дагы кайталанса, мыйзамга ылайык, мындан да катуу чаралар (айып пул салуу, лицензиясынан ажыратуу) көрүлө турганын эскертти.
Эске салсак, 18-19-январда айрым маршрутка айдоочулары жумушка чыкпай коюшкан. Алар жол кире акысын 5 сомго жогорулатууну талап кылып, жол акы 2012-жылдан бери көтөрүлө электигин белгилешкен.
Айрым маршруткалар каттабагандыктан, калаа тургундарына ыңгайсыздык жаралып, айрымдары үйлөрүнө жете албай кыйналышкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0