Бишкекте эки киши каза таап, жалпы 162 адам СOVID жуктурду. Акыркы маалымат

© Sputnik / Алексей Сухоруков / Медиабанкка өтүүМедицина кызматкери. Архив
Медицина кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда стационарда жети жүздөн ашуун адам дарыланууда. Анын кыркы өтө оор абалда. Амбулатордук дарыланууда миңден көп бейтап бар.
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада 162 адамдан коронавирус чыкты, ал эми 124 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдын берген маалыматында айтылат.
Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:
  • Бишкек — 46;
  • Ош — 11;
  • Чүй облусу — 72;
  • Ош облусу — 2;
  • Талас облусу — 1;
  • Нарын облусу — 2;
  • Ысык-Көл облусу — 24;
  • Жалал-Абад облусу — 2;
  • Баткен облусу — 2.
Жалпысынан Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 83 430га жетти.
Өткөн сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:
  • Бишкек — 62;
  • Ош шаары — 4;
  • Чүй облусу — 28;
  • Ош облусу — 6;
  • Талас облусу — 1;
  • Нарын облусу — 6;
  • Ысык-Көл облусу — 13;
  • Жалал-Абад облусу — 4;
  • Баткен облусу — 0.
Ушуну менен жугуштуу ооруну 79 373 киши жеңди. 
Тилекке каршы, кечээ Бишкектен эки бейтап оорудан каза болду. Коронавирус пандемиясы Кыргызстанда жалпы 1 392 кишинин өмүрүн алды.
Учурда стационарда 726 бейтап дарыланууда. Анын 12синин абалы канааттандырарлык, 449у орточо, 225и оор, ал эми 40ы өтө оор абалда. Амбулатордук дарыланууда 1010 бейтап бар.
Жаңылыктар түрмөгү
0