Финпол: Балыкчыга камера орнотууда 3 млн. сом сол чөнтөккө солонгон

© Sputnik / Владимир Баранов / Медиабанкка өтүүВидеобайкоо камерасы. Архив
Видеобайкоо камерасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда бул ишке кызмат адамдарынын катыштыгы аныкталып, келтирилген зыяндын ордун толтуруу чаралары көрүлүп жатат.
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. "Балыкчы шаарына видео байкоону орнотуу" долбоорун ишке ашырууда кызматкерлердин жумуштун наркын жасалма жогорулатуу менен мамлекетке үч миллион сомго жакын зыян келтиргени аныкталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясы менен "Н.С" ЖЧКсынын ортосунда 2018-жылы аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн 10 миллион сомго жакын суммада келишим түзүлгөн.
"Бул объект боюнча аппараттык-программалык комплекстер 7 миллион сомго жакын суммага сатып алынган, бирок аткарылган жумуштардын актысында наркы эки миллионго көбөйтүлүп эсептелген. Ошондой эле кошумча нарк салыгы кошулуп көрсөтүлөт. Бирок ал компания жумуш тапшырылган учурда салыктын ушул түрүн төлөгөн эмес. Мыйзамсыз иш-аракеттердин кесепетинен мамлекеттин бюджетине ири суммада, үч миллион сомго жакын зыян келтирилген", — деп айтылат маалыматта.
Финпол учурда бул ишке кызматкерлердин катыштыгы аныкталып, келтирилген зыяндын ордун толтуруу чаралары көрүлүп жатканын белгилейт.
Жаңылыктар түрмөгү
0