Дарыгер: тазалыкка ашкере умтулуу баланын ден соолугуна зыян

© Sputnik / Тимур БатыршинБелгилүү дарыгер жана теле алып баруучу Евгений Комаровский. Архив
Белгилүү дарыгер жана теле алып баруучу Евгений Комаровский. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистин айтымында, ашыкча тазалык шартында иммунитет кереги жок жерде деле активдүү иштеп, саламаттыкты начарлатат.
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Адам баласынын оголе тазалыкка умтулушу иммундук системанын солгундашына алып келди. Бул тууралуу белгилүү дарыгер жана теле алып баруучу Евгений Комаровский өзүнүн Telegram-каналына жазды.
Анын айтымында, азыркы балдардын организми кылымдар бою адамдар көрүп келген бактерия жана вирустарды билбей калды.
"Балдарыбыздын иммунитети нормадагыдай өнүгүп, бекемделе албай калды. Анткени төрөлөрү менен дээрлик стерилизацияланган чөйрөгө түшөт. Күн сайын миллиарддаган бактерияга жолукчу организм азыр миллиондун тегерегиндеги гана бактерияларды көрүп жатат. Демек, болгон кубаттуулугу менен иштебейт", — деди дарыгер.
Мунун айынан иммунитет зарылдыгы жок жерде деле өтө активдүү боло берет дагы жыйынтыгында адам аллергияга чалдыгат.
Ошондой эле дарыгер баланын иммунитетин көтөрүү үчүн сапаттуу тамак берип, көбүрөөк кыймылдап туруусун көзөмөл кылууну сунуштады.
Жаңылыктар түрмөгү
0