Кыргызстанда эрте никеге тургандар азайып, ажырашкандар көбөйдү

CC0 / Pixabay / Free-PhotosАял менен киши. Архив
Аял менен киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда эркектерге караганда аялдар узак жашайт.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Былтыр Кыргызстанда эрте никеге туруу азайганы менен ажырашкан үй-бүлөлөрдүн саны көбөйгөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Өткөн жылы никеге турган ар бир бешинчи үй-бүлө ажырашуу үчүн арыз берген же 1000 никеге 222 ажырашуу туура келет. Айыл жеринде 1000 никеге 154кө жакын ажырашуу туура келсе, шаар жеринде бул көрсөткүч 2,4 эсеге жогору.
Кыргызстанда аялдар эркектерге караганда көп. 2019-жылы ар бир 100 аялга 99 эркек туура келген. Бул эркектердин мезгилсиз өлүмүнүн жогорку деңгээлине байланыштуу.
Жубайлар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Шаарга караганда айылда ажырашкандардын саны аз. Нике статистикасы
Ошондой эле аялдар эркектерге караганда орто эсеп менен сегиз жылга узак өмүр сүрөрү айтылат. Аялдар орточо 76 жыл, эркектер 68 жыл жашайт.
Аялдардын 90 пайызы, ал эми эркектердин 70 пайызы гана пенсия курагына чейин жашашы ыктымал.
2019-жылы эркек балдар кыздарга караганда дээрлик 5 пайызга көп төрөлгөн. (88 765 эркек бала, 84 719 кыз).
Жаңылыктар түрмөгү
0