Бишкекте айыл чарба жарманкеси өткөрүлөт. Баалар арзан болору айтылды

© Sputnik / Мурад Оруджев / Медиабанкка өтүүАйыл чарба жарманкеси. Архив
Айыл чарба жарманкеси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрлик жарандардын өтүнүчү боюнча мындай жарманкени мэрия менен биргеликте туруктуу өткөрүп келет.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. 23-январда Бишкектин Киев жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу өлкөнүн Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Иш-чараны министрлик жарандардын өтүнүчү боюнча шаар мэриясы менен биргеликте туруктуу өткөрүп келет.
"Биз жарандардын өтүнүчүн эске алуу менен бир айда эки ирет жарманке өткөрүүнү туура көрдүк. Ар биринде форматын жаңыртып турабыз. Ошондой эле жарандарды эл аралык бренддерден кем калбаган, өзүбүздүн сапаттуу ата мекендик продукция менен тааныштырабыз. Биздин эң негизги максатыбыз — дыйкан, фермерлерди колдоо", — деди министрдин орун басары Бермет Турсалиева.
Жарманке 23-январда саат 10:00дө башталып, анда азыктар төмөнкү баада коюлат:
  • Эт азыктары — 390 сом;
  • Жумуртка — 88-92 сом;
  • Тоок — 180-200 сом;
  • Каймак — 220 сом;
  • Быштак — 180 сом;
  • Колдо уютулган айран — 40 сом;
  • Өсүмдүк майы — 112-120 сом;
  • Картошка — 22-25 сом;
  • Пияз — 15 сом;
  • Сабиз — 20 сом.
Жаңылыктар түрмөгү
0