Коронавирустун жаңы штаммы. Кыргызстанга келчүлөр кандай тартип менен кирет?

© Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевПервый вице-премьер-министр КР Кубатбек Боронов посетил международный аэропорт «Манас»
Первый вице-премьер-министр КР Кубатбек Боронов посетил международный аэропорт «Манас» - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Төрт министрлик жана "Манас" эл аралык аэропорту, Мамлекеттик чек ара кызматы тарабынан чыккан буйрукка 13-январда кол коюлган.
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Кыргызстандын бийлиги коронавирусту, анын ичинде жаңы штаммын өлкөгө киргизбөө жана жайылтпоо максатында алгоритм иштеп чыккан.
Саламаттык сактоо, Тышкы иштер, Жолдор жана транспорт, Маданият, маалымат жана туризм министрликтери "Манас" эл аралык аэропорту жана Мамлекеттик чек ара кызматы менен биргеликте буйрук чыгарып, ага 13-январда кол коюлган.
Алгоритм Бишкек, Ош, Ысык-Көлдөгү аэропортторго эл аралык каттамдар менен келген бардык адамдарга тиешелүү экени айтылды.
Аба каттамы менен келгендерге алгоритм:
  • Кыргызстанга эл аралык каттам менен келчүлөрдө акыркы 72 сааттын ичинде коронавируска тапшырган тесттин жыйынтыгын терс деп көрсөткөн маалымкаты болушу шарт;
  • Бул эреже чет өлкөлүк элчилик, консулдук, эл аралык уюмдардын кызматкерлерине, экипаж мүчөлөрүнө тиешелүү эмес. Ошондой эле ата-энелери менен келе жаткан 7 жашка чейинки балдарга да колдонулбайт. КРдеги шайлоо процесстерине көз сала турчу эл аралык байкоочулардан маалымкат суралбайт;
  • Кыргызстанга келе жаткан жүргүнчүлөргө учактын ичинде анкета таратылат;
  • Кыргызстандын аймагына кирерде жүргүнчүлөр санитардык-карантиндик пункттун кызматкерлерине маалымкаты менен толтурулган анкетаны беришет;
  • Жүргүнчүлөр сөзсүз түрдө бет капчан болушу керек жана антисептик колдонушу шарт;
  • Эгер борт кызматкерлери бир жүргүнчүдөн коронавирустун белгилери байкалгандыгы тууралуу маалымат берсе, анда аны менен байланышта болгондор аныкталат. Булар учакта алдыңкы, арткы орундуктагы эки адам жана капталында отурган бир адам. Байланышта болгондор жашаган жеринде медициналык кароодон өтүшү керек.
  • Эгер дарыгерлер байланышта болгондорду аныкташы керек болсо, анда аэропорттор жүргүнчүлөрдүн тизмеси менен алар тууралуу маалыматты бериши шарт;
  • Санитардык-карантиндик пункттун адистери келген жүргүнчүнүн дене табын атайын жабдуу менен текшеришет. Эгер клиникалык белгилер байкалбаса, анда жүргүнчү андан ары кете берет. Эгер байкалса, Тез жардам борборунун кызматкерлери Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан көрсөтүлгөн ооруканага жаткырышат;
  • Эскертүү: эгер ПЦР-тест тууралуу маалымкаттын мөөнөтү каттамдар кармалгандан улам же башка бир маанилүү себептер менен өтүп кетсе, анда тестти жүргүнчү баргандан кийин тапшырат.
Мындай алгоритм ички каттамдар менен жүргөндөргө да тиешелүү.
КРге транспорт менен келчүлөр үчүн алгоритм:
Кыргызстандыктардын да, башка өлкөнүн жарандарынын дагы тест тапшырган маалымкаты болушу керек. Бул эреже чет өлкөлүк элчилик, консулдук, эл аралык уюмдардын кызматкерлерине, экипаж мүчөлөрүнө тиешелүү эмес. Ошондой эле ата-энелери менен келе жаткан 7 жашка чейинки балдарга колдонулбайт. Мындай документ эл аралык жүк ташуу менен алектенген айдоочулардан да суралбайт;
Медициналык кызматкер COVID-19 менен ооруган бейтапты кучактап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Вирусолог Нурматов: британиялык жаңы штаммдын абалды курчутуп жибериши күмөн
Чек арадан өтөрдө санитардык-карантиндик пункттун дарыгерлери келгендердин баарын текшерет. Эгер оорунун белгилери байкалса, анда ооруканага жаткырышат, эгер байкалбаса коё беришет;
Ал эми оору табылган адам менен байланышта болгондор милдеттендирилген анкета толтуруп, үйүндө өзүн-өзү изоляциялоодо болушу керек же чек арада алынган тесттин жыйынтыгы чыккыча обсервацияда жатып турушу шарт.
Бул буйрук Саламаттык сактоо министрлигинин сайтында да жайгаштырылган.
Декабрь айынын орто ченинде Улуу Британияда SARS-CoV-2 деп аталган коронавирустун жаңы мутациясы пайда болгону тастыкталган. Адистердин айтымында, вирустун жаңы түрү мурдагыга салыштырмалуу тез тарайт.
Жаңылыктар түрмөгү
0