Имбирь бардыгына эле пайдалуу эмес. Адис аны колдонуунун жолу тууралуу

© Фото / Pixabay/ jmexclusivesИмбирь. Архив
Имбирь. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгер имбирден таттуулар да жасаларын, андай учурда пайдалуу касиетин жоготпой турганын белгиледи. Аны бир жолу колдонуу өлчөмү 80-100 грамм экени эскертилди.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Имбирь иммунитетти чыңдап, организмди инфекциялардан коргоого жардам берет. Аны кандай колдонуш керектигин Sputnik радиосуна дарыгер-терапевт, диетолог, нутрициолог Мария Черняева айтып берди.
Адистин айтымында, имбирь көптөгөн витаминдер жана минералдарга бай. Ал күчтүү антиоксидант катары сезгенүүгө каршы туруп, зат алмашуу процессин тездетип, иммунитетти бекемдөөгө жардам берет.
"Имбирди каалагандай колдонсо болот. Кургатылганда пайдалуу касиети көбүрөөк сакталат. Жаңы имбирдин тамырын майдалап, бал менен аралаштырып, чайга кошуп ичип же ар кандай суусундуктарды даярдаса болот", — деген диетолог.
Имбирди шорпого жана татымалдарга кошсо мүмкүн экенин, ошондой эле чыгыш ашканасында маринаддалган түрдө колдонуларын кошумчалаган.
Мындан тышкары, имбирден таттуулар жасаларын, андай учурда да дарылоо касиетин жоготпой турганын белгиледи.
Кара моюл. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дарыгер вирус менен күрөшүүгө жардам берген азыктарды атады
Бирок адис каршы көрсөтмөлөрүн да эскерте кетти.
"Имбирь канды суюлтуучу дары-дармектердин таасирин күчөтүп салат. Ал эми өзү канды суюлтуучу касиетке ээ да. Андан тышкары, өт баштыкчасынын дарты менен жабыркагандарга жана ашказан оорусу барларга сунушталбайт", — деген адис.
Аны бир колдонуунун өлчөмү 80-100 грамм экенин да эскерткен.
Жаңылыктар түрмөгү
0