КР калкынын канчасында коронавируска каршы антитело бар? Изилдөөнүн жыйынтыгы

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүЛабораториянын кызматкери. Архив
Лабораториянын кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Июнь айынын аягынан августтун башына чейин адистер изилдөө жүргүзгөн. Февралда изилдөөнүн экинчи этабы башталат.
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Кыргызстандын калкынын 50 пайыздан ашыгы коронавирус менен ооруп айыкты деген божомол бар. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Вирустарды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий-практикалык борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов билдирди.
Адистин айтымында, июнь айынын аягынан тарта августтун башына чейин адистер изилдөө жүргүзгөн. Натыйжада Кыргызстандын калкынын 30,8 пайызында антитело бар экени аныкталган.
"Бул деген калктын 31 пайызы коронавирус жуктуруп айыкты, эми оорубайт дегенди түшүндүрөт. Февралдан тарта ушул эле изилдөөнүн экинчи этабын жүргүзөбүз. Анын жыйынтыгы апрель айларында чыгып калат. Биздин божомол боюнча, августтан бери калктын 50 пайызынан көбүндө антитело пайда болсо керек. Элдин жарымынан көбүндө антитело пайда болгон учурда оору мурдагыдай көп катталбай калат, — деди Нурматов.
Адис изилдөө кандай тартип менен жүргөнүн түшүндүрүп берди.
Медициналык кызматкер COVID-19 менен ооруган бейтапты кучактап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Вирусолог Нурматов: британиялык жаңы штаммдын абалды курчутуп жибериши күмөн
"Изилдөөнүн биринчи этабында бардык облустар камтылган. Анда ар бир облустан бирден районду алып, ал жактын эли антителого тест тапшырган. Анализдердин жыйынтыгын алган соң башка аймактарда дагы ушундай эле деңгээлде адам ооруган болуш керек деп божомолдогонбуз. Мындай илимий ыкма дүйнө жүзү боюнча колдонулат. Жалпы элден анализ алуу өтө кымбат турат. Ошол себептен бул ыкманы колдонгонбуз. Экинчи тур дагы ушундай эле тартип менен жүрөт", — деди Нурматов.
Белгилей кетсек, буга чейин саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев дагы Кыргызстандын калкынын басымдуу бөлүгү коронавирус менен ооруп айыкканын айтып, муну ооругандардын саны азайып калгандыгы менен түшүндүргөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0