Түлөбаев Бишкектин чуулгандуу деталдуу планын артка чакыртарын айтты

Жазылуу
Техникалык документ оңдоп-түзөлмөй болду. Анда шаардыктардын жана адистердин пикири эске алынары убадаланды.
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев Бишкек шаардык кеңешине 2019-жылы кабыл алынган калаа ичиндеги курулуштун майда-чүйдөсүнө чейин каралган долбоорун артка чакыртуу боюнча кат жолдойт. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматынан кабарлашты.
"Техникалык документ оңдоп-түзөө үчүн жөнөтүлөт. Анда шаардыктардын жана адистердин пикири эске алынат", — деди Түлөбаев.
Калаа жетекчиси Бишкек мэриясы шаардыктар үчүн дайым ачык экенин айтып, жасала турган иштердин бардыгында тең жашоочулардын кызыкчылыктары эске алынарын белгиледи.
Буга чейин шаардыктар Бишкектин деталдуу планын жокко чыгарууну талап кылып митингге чыгышкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0