Ысык-Ата: төрөт үйүнө жетпей калган келинди инспекторлор төрөтүп алды

© Sputnik / Табылды КадырбековПресс-тур в Центр мониторинга ГУОБДД
Пресс-тур в Центр мониторинга ГУОБДД - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
15-январда болжол менен түнкү саат 03:00дөр чамасында постто турган инспекторлорго Урмат аттуу жигит жардам сурап кайрылган.
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Чүй облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспекторлору төрөт үйүнө жете албай калган аялдын төрөтүн кабыл алды. Бул тууралуу аталган органдын маалымат кызматы кабарлады. 
© Фото / пресс-служба УОБДД по ГУВД Чуйской областиЧүй облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспекторлору төрөт үйүнө жете албай калган аялдын төрөтүн кабыл алды
Инспекторы УОБДД Чуйской области приняли роды у женщины - Sputnik Кыргызстан
Чүй облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспекторлору төрөт үйүнө жете албай калган аялдын төрөтүн кабыл алды
Билдирүүгө ылайык, 15-январда болжол менен түнкү саат 03:00дөр чамасында кичи инспектор менен милициянын старшинасы Ысык-Ата районунун Ново-Покровка айылындагы стационардык постто турган. Аларга Урмат аттуу жигит кайрылып, төрөт үйүнө жетпей калганын, машинада аялынын толгоосу башталганын айтып жардам сураган.
"Инспекторлор аялды автоунаанын ичинде эле төрөтүп алып, андан соң тез арада жеткирүү үчүн патрулдук машинасы менен Чүй облустук ооруканасына чейин коштоп барышкан. Бактылуу ата-эне өз убагында жардам бергени үчүн инспекторлорго ыраазычылык билдиришти. Бүгүнкү күндө эне-баланын саламаттыгы жакшы, төрөт үйүнөн чыгарылды", — деп айтылат маалыматта.
Эне-баланы үйүнө чыгарып жатканда инспекторлор перзенттүү болгон үй-бүлөнү куттуктап барышкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0