Өткөн суткада үч киши көз жумуп, 69 адам ооруп калды. COVID боюнча статистика

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүОоруканадагы дарыгер. Архив
Ооруканадагы дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда коронавирустан адамдар күн сайын каза таап жатат. Анткен менен ооругандардын саны айыккандарга караганда азыраак болууда.
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада коронавирус үч кишинин өмүрүн алып кетсе, илдет дагы 69 кишиге жукту. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.
Ал эми оорудан 110 бейтап айыгып чыккан.
"Учурда ооруканаларда 244 адам оор, 40 киши өтө оор абалда жатат", — деп айтылат Республикалык штаб тараткан маалыматта.
Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:
  • Бишкек — 28;
  • Ош — 7;
  • Чүй облусу — 11;
  • Ош облусу — 1;
  • Талас облусу — 0;
  • Нарын облусу — 0;
  • Ысык-Көл облусу — 19;
  • Жалал-Абад облусу — 3;
Жалпысынан коронавирус Кыргызстан боюнча 83 178 адамга жукту.
Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар пневмонияны эсепке алганда:
  • Бишкек – 55
  • Ош шаары – 1
  • Чүй облусу – 31
  • Ош облусу – 8
  • Ысык-Көл облусу – 6
  • Жалал-Абад облусу – 9
Өткөн суткадагы көрсөткүчтү эсепке алганда 79 104 кыргызстандык оорудан айыгып чыкты.
Учурда стационарда 790 адам, амбулатордук дарыланууда 967 киши дарыланып жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0