Жекшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Каракол" лыжа базасындагы эс алуучулар. Архив
Каракол лыжа базасындагы эс алуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
17-январга караган түнү жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү болжолдонууда.
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Жекшембиде өлкөнүн тоолуу райондорунда кар жаайт. Жолдор тоңуп, тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +8…+13, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +10…+15, Ысык-Көл жергесинде +4…+9, Нарын өрөөнүндө -2…-7 градус болору кабарланды.
Бишкекте жана Ошто жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн табы борбордо +11…+13, Ош шаарында +13…+15 градуска чейин жылыйт.
Жаңылыктар түрмөгү
0