Интерпол кыргызстандыктарга жоголгон паспорттор боюнча эскертүү берди

© SputnikКыргызстандын жаранынын паспорттору. Архив
Кыргызстандын жаранынын паспорттору. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ИИМ билдиргендей, Мамлекеттик каттоо кызматы бул же тигил документтин жоголгондугу тууралуу Эл аралык жазык полициясы уюмуна (Интерпол) кирген бардык өлкөлөргө кабарлайт.
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Интерполдун Кыргызстандагы улуттук борбору жарандарга чет өлкөлөрдө жараксыз паспортторду колдонуунун негативдүү кесепеттери болорун эскертти.
Кеп мурда жоголуп кеткен документтер тууралуу болуп жатат.
"Жалпы жарандык паспорт же ID-картаңыз жоголуп кетип, бул тууралуу укук коргоо органдарына билдирдиңиз дейли. Бирок аны кийин кайра таап алган күндө дагы чет өлкөгө чыкканда колдонбошуңуз керек", — деп айтылат билдирүүдө.
ИИМдин маалымат кызматынан билдиришкендей, Мамлекеттик каттоо кызматы бул же тигил документтин жоголгондугу тууралуу Эл аралык жазык полициясы уюмуна (Интерпол) кирген бардык өлкөлөргө кабарлайт. Кийин ал өлкөлөрдүн бирине жоголгон документти пайдаланып кирүүгө аракет кылган адам кармалышы мүмкүн.
Жаңылыктар түрмөгү
0